Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуТалас району 02.11.2019 10:10

Айыл турмушу: 22 жаштагы Г.Алкожоева тортторду жасап ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну Гүлзат Алкожоева кондитердик азыктарды жасап, айына 30-40 миң сомго чейин киреше табууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылында төрөлгөн. Учурда жогорку окуу жайда бухгалтер кесиби боюнча сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жатат.

«2017-жылы өзүмдүн эле айылымдагы жигитке турмушка чыккам. Кайын атамдын тойканалары бар. Андыктан Бишкекке барып кондитердик азыктарды жасоо боюнча билим алып, сертификатка ээ болуп келгем. Негизи мен бала кезимден эле үйдөгү жеңелеримдин торт же башка таттууларды жасагандарын көрүп кызыкчумун. Кийинчерээк аларга кошулуп өзүм дагы жасашып үйрөнүп кеттим. Кийин келин болуп келип, үйгө конок тосуп калганда ар кандай таттууларды жасап дасторконду кооздочумун. Кайын журтум менин таттууларды жасаганга шыгым бар экенин байкап, Бишкекке окууга жиберишти. Ошол учурда кыздуу болуп, кызыбызга 2 ай болгон болчу.

Учурда таттууларды жасап жатканыма 1 жылдын жүзү болуп калды. Эң биринчи окуумду бүтүп келгенде шаардан жасап жүргөн таттууларды үйдөн жасасам окшошпой, өзүбүз жеп койгон учурлар да болду (күлүп). Баары мен каалагандай идеалдуу болбой калса мен бул жакты алып кете албайт экенмин деген дагы ойлор болуп жатты. Бирок «көч бара-бара түзөлөт» деген чын экен. Акырындап практика жүзүндө мен каалагандай болбосо дагы кардарларга жаккандай кылып жасап келе жаткан учурум.

Таттууларды жасап баштаганда кардарлар биринен экинчиси көрүп же бири-бирине сунушталып менин таттууларыма жакшы эле буйрутмалар түшүп жатты. Андан кийин буларды жасоого өзүм жетишпей үйгө 2-3 кызды жардамчы кылып алып алдым. Аларга күнүнө 400 сомдон же болбосо буйрутмалардын санына жараша акы төлөп берем. Үйдө кайын ата-энемдин тойканаларына дагы той өткөргөн адамдар буйрутма берип, аларга дагы жасап беребиз. Учурда таттуулардын ар кандай түрлөрүн жасайбыз. Торттун 2 түрү бар. Бири жалаң кымбат кремдер менен жасалып, ичи жалаң табигый азыктар болот. Экинчиси азыркы базардагы эле саткан торттор. Кремдери арзаныраак. Булардын баалары дагы кеткен азыктардын бааларына жараша коюлат. Буйрутма берген адамдын табитине жараша болот. Анын үстүнө торттордун сырткы жасалгаларына дагы карап баалайбыз. Негизи торттун баалары 300-400 сомдон 3000 сомго чейин барат. Анын үстүнө азыр тойлор үчүн кабаттуу тортторду дагы жасап жатабыз. Таттуулардын жасалышына ар кандай убакыттар кетет. Мисалы, жумушчу кыздар өздөрүнө ылайыктуу убакытта келип жасап кетишет.

Таттууларга керектүү азыктарды шаардан алабыз. Анткени Таластан өзүмдүн оюмдагыдай керектүү азыктар чыкпайт. Ошон үчүн Бишкектен алып келем. Таттуулардын, торттордун түрлөрүн интернеттен көрүп жасайм. Көбүнчө инстаграм баракчаларында ар кандай таттуулардын жасалышы тууралуу баракчалар бар. Кээде ошолорду карап жасайм. Ишкерлик менен айына 30-40 миң сомго чейин киреше түшүп турат. Мунун жарымы чыгашасына кетет. Алдыда пландарым аябай көп. Ушул 1-2 жылдын ичинде самса, нан жасаган чакан наабайкана ачсакпы деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Ишкер айым 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×