Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 31.10.2019 12:40 На русском

Каш-кабактын ортосундагы кырсык: Ошто өздүгү аныкталбай жаткан маркум ким экени белгилүү болду

Turmush -  Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен маркумдун өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Окуя кечээ, 30-октябрда саат 10:00 чамасында Кулатов кичи районунда катталган.

Turmush басылмасы «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Кулатов кичи районундагы Барсбек айлампасынан бурулуп жатып, капысынан чыга калган жөө адамды сүзүп кеткенин жазган. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Маркумду унаа тепселеп кеткендиктен өздүгүн аныктоо кыйынчылыктарды жаратты.

Бүгүн, 31-октябрь күнү маркумдун өздүгү туугандарынын жардамы менен аныкталды. Ал Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын 1951-жылы туулган тургуну И.Э.Т. экени белгилүү болду. Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×