Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2019 12:20

Ак-Талаада 28 жаштагы жигитти тапанча менен коркутуштубу?

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 28 жаштагы жигитке тапанча такап коркуткан адам кармалганын райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ, 30-октябрда саат 17:00 чамасында Баетов айылындагы көчөлөрдүн биринде Кайыңды-Булак айылында 1991-жылы туулган К.У. аттуу жигит «КамАЗ» унаасын токтоткон. Ошол маалда Баетов айылында 1984-жылы туулган Б.у.А. аны тапанча менен коркуткан. Жабырлануучу бул окуяны РИИБге билдирип, аталган адамга чара көрүүнү суранган. Өзүнүн айтымында, окуя соода кылып чыккандан (көмүр сатып) кийин болгон.

«Б.у.А. мени өз унаасына салып, тапанча такап коркутту», - деп билдирген жабырлануучу.

РИИБдин ыкчам тергөө тобу аталган көчөдө жайгашкан тамак ичүүчү ашканага барганда Б.А. аттуу жарандын короосундагы көмүр сарайдын ичинен кара түстөгү ок атуучу тапанча табылган. Андан сырткары оюнчук тапанча дагы алынган. Бул окуя боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×