Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 31.10.2019 11:51

Ошто оорукананын терезелерин талкалап кетишти

Turmush -  Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын УЗИ бөлүмүнүн терезелерин талкалап кетишти. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматты аталган ооруканадан дагы тастыкташты. Алардын маалыматына караганда, окуя кечээ, 30-октябрь күнү кечинде болгон. Оорукананын кызматкерлери бул тууралуу милицияга кабар беришкен. УЗИ аппараттары жабыркаган эмес.

Ош ШИИБден кийинчерээк маалымат берилерин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×