Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 31.10.2019 10:29 На русском

Видео — Ошто жүк ташуучу унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен учур

Turmush -  Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа жөө адамды сүзүп кеткен учур видеокамерага түшүп калган.

Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, окуя кечээ, 30-октябрда саат 10:00 чамасында Кулатов кичи районунда катталган.

Turmush басылмасы «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Кулатов кичи районундагы Барсбек айлампасынан бурулуп жатып, капысынан чыга калган жөө адамды сүзүп кеткенин жазган. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.

Аталган факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош ШИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×