Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 31.10.2019 15:48

Ат-Башыда көзү азиз күйөөсүн өлтүргөн аялга улуу кызы жардам берип, кичүүсү карап турган

Село Ат-Башы
Село Ат-Башы
// Turmush

Turmush -  Нарын ОИИБдин ыкчам нөөмөткери Рысбек Балбаев оор кылмыштардын бетин ачкан. Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата аймактык кабарчы Рысбек Балбаевге жолугуп, аны менен маектешти.

Балбаев Рысбек Хусеинович Нарын районунун Жерге-Тал айылында 1977-жылы 13-майда туулган. Ушул эле айылдагы орто мектепти бүтүп, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Шабиров атындагы республикалык окуу борборунда билим алып баштаган. Аны 2004-жылы аяктап, 2012-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин сырттан бүтүргөн.

Милиция кызматкери болуп 2004-жылы кызмат өтөп баштап, 2008-жылга чейин Ат-Башы РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында жана милициянын ага ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2008-2009-жылдары ушул эле Ат-Башы РИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам нөөмөткери болуп эмгектенген. 2009-2011-жылдары Ак-Талаада, 2011-жылы Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында ага ыйгарым укуктуу өкүл, 2012-2013-жылдары Ат-Башы РИИБдин мал уурулукка каршы ыкчам кызматында, 2014-2015-жылдары Нарын ШИИБдин ага аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызмат өтөгөн. 2016-жылы Нарын районунун Ак-Булуң айылындагы аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы болуп 6 ай кызмат өтөп, ушул эле жылы Нарын ШИИБдин башчысынын орун басары, 2017-2018-жылдары Нарын РИИБдин башчысынын орун басары болуп иштеген. 2018-жылдын май айынан бери Нарын ОИИБдин ыкчам нөөмөткери кызматын аркалап келет.

Каарманыбыз жубайы менен 3 кыз, 1 уулун тарбиялап жатышат.

Балалыгы, милиция кызматкери болууга жетелеген кыял

- Баланын кыялы терең жана бийик эмеспи. Ошол кезде учкуч же тракторист болсом деген ар кандай ойлор келчү. Өзүбүз малчынын баласыбыз, мал бактык. Анан айылда форма кийген адамдарды көрүп, биз дагы ушулардай болсок дечүбүз. Мектепте окуп жүргөндө эки таякем милиция кызматкери болду. Алар каникулда үйгө учурашканы келишчү, ошондо формаларын кийип, курун тагынып алчубуз. Бир жолу курду кичирейтип тагынып алсам, таякем урушумуш болуп, «милиция кызматкери болосуңбу?» деди. Мен «ооба» деп жооп берип, аны менен кол алыштым. Ошондон кийин өзүмө милиция кызматкери болом деп максат койдум. Ал таякелерим милиция тармагында көп жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыгышкан.

Кызмат учурундагы окуялар

- Окууну бүтүп келгенде эл менен иштөө өтө оор болду. Элди жакшы билиш керек экен. Эл менен иштешип жатып, психолог болуп калат экенсиң. Баарына бышат экенсиң.

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына келгенде бир билдирүү келип түштү. Барсак үй-бүлөлүк чыр экен. Жубайларды элдештирүүгө аракет кылдык. Бирок аялы менен күйөөсү урушун такыр токтотпой койгондуктан аларды РИИБге алып келүүгө туура келди. Андан кийин жубайларга эскертүү берип, аксакалдар соту менен сүйлөштүм. Ошол учурда айылда эки аял ичимдик ичип, тургундар «жаш келиндерге дагы сабак болуп жатат» деп арызданып жүрүштү. Аларды дагы аксакалдар сотуна айттым. Бир күнү дагы ичип жатышат деген маалымат түшүп, такси менен бардык. Өтө мас болуп калышыптыр. Аларды таксиге салып алып, сотко алып бардым. Аксакалдар соту ошол жерден эле экөөнү тең 15 күнгө соттоп берди. Алар административдик жумуштарга (коомдук жайларды тазалоо) тартылып, баягы эки эже ичпей калышты. Айыл эли баары ыраазы болушту. Алар жазасын бүткөндөн кийин айылдан көчүп кетишти. Ал эжелер азыр дагы мени менен байланышып, ден соолугумду сурап турушат. «Бизди түз жолго салдың» деп ыраазычылыктарын айтышат. Кичинекей маселе кийинки жаштарга таасирин тийгизет. Ошондуктан келечекти ойлоп, көйгөйдү жакшы жагына чечүү керек.

Милиция кызматкерлерине боор тарткан уурулар

2006-жылы кышында мал уурулардын тобун кармоо үчүн жолго ат менен чыктык. Ат-Башы суусун кечип, сарайга бармакпыз. Ал суу тоңуп калыптыр. Муздун үстүнөн өтүп баратканда муз сынып, сууга атыбыз менен чогуу кирип кеттик. Муздун астында суу катуу агып жатыптыр. Биринчи өзүбүз суудан чыгып, андан кийин музду талкалап, аттарды алып чыктык. Ошондор бир ажалдан калганбыз. Тоңгонубузга карабай жумуштун кызыкчылыгы үчүн сарайга барып, мал уурулардын тобун кармап алдык. Аларды РИИБге алып жөнөдүк. Шектүүлөр биз түшүп кеткен сууну көрүп, «бир ажалдан калыптырсыңар» деп аябай таң калышкан. Үйгө киргенде тоңгон кийимден муз тырс-тырс деп түшүп жатты. Кызмат учурунда баарына даяр болуш керек.

Аялы күйөөсүн өлтүрүп...

Бир жолу маркумдун кыздарынан арыз түштү. Алар: «Москва шаарында иштейбиз. Кыргызстандагы үйгө келсек атабыз жок экен, таппай жатабыз. Өгөй энебизден, балдарынан шекшип турабыз» деп жазышыптыр. Бул кылмыштын бетин 28 күн аралыгында ачтык. Иликтөө иштеринде бизге булар маалым болду. Жубайлар коноктон келип, кызганычтын айынан урушуп кетишиптир. Маркумдун көзү көрчү эмес экен. Ошондо аялы мүшөктү байлаган жипти күйөөсүнүн мойнуна ороп, аркасынан тартыптыр. Ага улуу кызы жардам берип, 4-5 жаштагы кызы карап отуруптур.

Арыз бизге маркум жоголуп кетти деп түшкөн. Ошол себептен шектүү катары аялын кармай албайбыз да. Аялын, кыздарын суракка алып, окуяны иликтей баштадык. Кичинекей кыздын көздөрү башкача болуп, шек санатып жүрдү. Ал эми биринчи аялынын кыздары келип, «иштебейсиңерби. Атабызды сууга эле ыргытып жиберди» деп кайра-кайра тынчыбызды алып жатышты. Анан баягы шек санап калган кичинекей кызга таттуу алып берип, «Атаңды апаң өлтүрүп салган турбайбы ээ» десек, «ооба» деп салды. Андан ары сөзүн улап, «апам менен атам коноктон келип, экөө уруша кетишти. Ошондо апам мүшөктүн жиби менен атамды муунтту. Атам тыбырап-тыбырап, андан кийин кыймылдабай калды. Аны апам кийизге ороп, эжем менен үйдүн ары жагына алып барышты. Мени «киши келе жатса айтып кой» деп короодогу дөңгө отургузушту. Түнү менен жер казып, атамды ошол жерге көмүштү» деди. «Көрсөтүп бере аласыңбы?» десем, бизди ээрчитип барып көрсөттү. Жерди казып, маркумдун сөөгүн алып чыктык. Аялы «кызганычтан улам өлтүрүп салгам» деп күнөөсүн мойнуна алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×