Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 30.10.2019 13:19 На русском

Таластагы ооруканага түшкөн адамдын дарты аныкталбай мерт болду

Turmush -  28-октябрда Талас шаарындагы Ч.Мамбетов атындагы ооруканада адам каза болду. Бул тууралуу ооруканадагылар билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Талас районунун Көк-Кашат айылынан келген 58 жаштагы эркек адам оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө түшкөн.

«Биз биринчи жардам көрсөтүп жаттык. Текшерүүдө өпкөсүнүн бир жагында суу бар деп чыккан. Бирок кайра УЗИ аппаратына тартканда андай эмес болуп чыкты. Кайра эле ошол күнү саат 14:00 чамасында акыбалы оорлоп каза болду. Бизде да так диагноз болгон жок. Кургак учук деп шектендик. Бирок мурун текшерилбегенден кийин так диагноз жок», - деди дарыгерлер.

Каза болгон адам жайлоодо бирөөлөргө жалданып мал кайтарып иштегени такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×