Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 12:41 На русском

Атайын боюн таштадыбы? Ошто жөө адам жүк ташуучу унаанын алдында калды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ошто жөө адамды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Бул маалыматты Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Окуя бүгүн, 30-октябрда саат 10:00 чамасында Ош шаарынын Кулатов кичи районунда катталды. «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Кулатов кичи районундагы Барсбек айлампасынан бурулуп жатып, капысынан чыга калган жөө адамды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, учурда маркумдун өздүгү аныкталып жатат. Анын сөөгү унаанын астында калган. Айрым маалыматтарга караганда, маркум унаанын алдына өзү боюн таштаган.

Аталган факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош ШИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×