Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 11:52

Жол тескөөчүлөргө баш ийбей качкан «Женгонун» айдоочусу кандай жаза алды?

Turmush -  Ош шаарында «Женго» каймана аты менен таанымал К.Д.нын айдоочусуна 13 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Айдоочу 15-октябрь күнү мамлекеттик номуру жок унаа башкарып, ЖКККБнын кызматкерлерине баш ийбей качып бара жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча табылган болчу.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочуга унаасын мамлекеттик номуру жок башкарганы үчүн 10 миң сом, жол тескөөчүлөргө баш ийбей унаасы менен качканы үчүн 3 миң сом айып пул салынды.

----------------------

Turmush басылмасы 15-октябрда Ош шаарында «Ураган» операциясынын жүрүшүндө «Женго» каймана аты менен таанымал болгон К.Д. бара жаткан унаа токтотулганын жазган.

Ош ОИИБдин малыматына караганда, «Мерседес-Бенц 320» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлерине баш бербей, качууга аракет кылган. Жол тескөөчүлөр унааны кууп жетип токтотушкан. Анын ичинде К.Д. бара жатканы белгилүү болгон.

Окурмандар саат 11:30 чамасында К.Д. башка унаага, айдоочусу башка унаага отуруп кетип бара жатканда тартылган видеону жөнөтүшкөн.

К.Д.нын айдоочусу — Куршаб айылынын 1995-жылы туулган тургуну Р.А. болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×