Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусуКемин району 30.10.2019 11:09 На русском

Бир заматта ата-энеси менен жубайынан айрылган Эламан күйүттөн каза болду. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Ушул жылдын 9-майында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда үрөй учурган жол кырсык болуп, анын кесепетинен жубайлар, алардын келини жана 21 жаштагы айдоочу кыз каза болгон. Бул кырсыктан кийин маркум жубайлардын уулу күйүткө чөгүп, ал дагы жарык дүйнө менен кош айтышты.

Учурда жол кырсык боюнча сот процесстери жүрүп жатат. Алгачкы сот иши 24-октябрда башталды.

Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жол кырсык 9-майда саат 21:00 чамасында унаа жолдун 108-чакырымында болгон. 1998-жылы туулган кыз — «Хонда Одиссей» унаасынын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй бара жатканда каршы тилкеге чыгып, «Субару Аутбэк» менен кагышкан. Экинчи унааны 1970-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хонда Одиссей» унаасынын айдоочусу — 21 жаштагы кыз, «Субарунун» айдоочусу жана анын жубайы көз жумган. Жубайлардын келини да ооруканада каза болгон. Ошондой эле 3 адам: «Субарунун» 2, ал эми «Хонданын» 1 жүргүнчүсү катуу жабыркады.

«Субару Аутбек» унаасынын айдоочусу маркум Нурлан Орозбаевдин бир тууган агасы Аскар Беделбаевдин айтымында, жол кырсыгын иликтеген тергөөчү үч жолу алмашып, үчүнчүсү ишти канааттандырарлык, калыс жүргүзгөн.

«Үчүнчү тергөөчү ишти аягына чыгарып, жакшы алып барды. Ал эми экспертизанын корутундусунда "Хонда Одиссей" унаасын 1998-жылы туулган кыз башкарып бараткан деп айтуу мүмкүн эмес деп көрсөтүлгөн. Сот иши 24-октябрда башталды. Алгачкы процессте жабырлануучулар тарабынан күбөлөр суралды.

Ал эми каза болгон жубайлардын ооруканада жаткан 3 жаштагы кызы акырындан өзүнө келе баштады. Бирок толугу менен жакшы боло элек. Жубайлардын артында 2 уулу, 1 кызы калды», - деди ал.

Маркум Нурлан Орозбаевдин 3 уул жана 1 кызы болгон. Аскар Беделбаевдин айтымында, бул кырсыктан кийин улуу баласы күйүткө чыдабай, жүрөк оорусу кармап каза болду. Ал 2-октябрь күнү жерге берилген.

«Улуу баласы 1994-жылы төрөлгөн, ысымы Эламан. Жубайын, ата-энесин жоготуп, күйүттөн жүрөк оорусу кармап, ушул жылдын 1-октябрь күнү каза болуп калды. Биз Эламанды минтип каза болуп калат деп ойлогон эмеспиз. Элестетүү да кыйын. Бирок ал ошол күнү жумуштан келип, үйдө жаткан бойдон көзүн ачкан эмес.

Маркум жубайы Милана Жумагулова 1998-жылы төрөлгөн. Ал экөө 2018-жылдын декабрь айында таанышып, 2019-жылдын январында баш кошушкан. 30-март күнү үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Балалуу боло элек болчу.

Биз соттон бир гана акыйкат чечим күтөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×