Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 30.10.2019 09:50

Таласта мыйзамсыз түрдө 3 тоннадан ашык бензин ташып бара жаткан адам кармалды

Задержанное авто
Задержанное авто

Turmush -  28-октябрда Кара-Буура районунда тиешелүү документтери жок 3,2 тонна бензин ташып бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, түзүмдүн кызматкерлери Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан нефтилерди аныктоо үчүн Манас РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштурган. Анын алкагында Киров суу сактагычынын жанынан жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда анын ичинде АИ-92 үлгүсүндөгү 3,2 тонна бензин бар экени такталды. Бирок ага тиешелүү документтер жок болуп чыкты.

Азыркы учурда мыйзамсыз ишкерлик кылгандарды аныктоо боюнча аракеттер жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×