Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2019 08:22 На русском

Көрүүчүлөргө чачылган «11 миң 600 доллар»: Нарында сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарында «Мисс жана Мистер Нарын» сулуулар сынагы өттү. 29-октябрдагы сынакка аймактык кабарчы да күбө болгон.

Сынакта жалпысынан 12 катышуучу — 6 жигит жана 6 кыз күч сынашкан. Алар алгач видеоролик аркылуу өздөрү тууралуу кыскача маалымат берип, өнөрлөрүн тартуулашты.

Жыйынтыгында баш байгени Арлен Ажыбеков, Эрлан Мирланов жана Жасмин Максатова алып, Дубайга жолдомо утуп алышты. Ал эми 1-2-3-орундарды камсыз кылган улан-кыздарга Алматага саякатка жолдомолор берилди.

Баш байгени жеңип алгандардын бири Арлен Ажыбеков сынакка катышуу үчүн бетине 1 ай кам көргөнүн билдирди.

«Бул сынак көп жылдардан бери өтүп келет. Буга чейин ага катышууну пландап жүргөм. Бүгүн жеңүүчү аталып отурам. Негизи бул сынакка бир ай мурун даярдана баштагам. Бетиме кам көрүп (күлүп), машыгуу залына барып даярдандым. Видеоролик тартууда кыйынчылыктар болду», - деди ал.

Сынакта Ислам Асанов көрүүчүлөргө жасалма долларларды чачты.

«Баш байгени албасам дагы 3-орунду камсыздап, Алматага жолдомо алдым. Сынак кызыктуу өттү десем жаңылышпайм. Өзүбүздү тааныштыргандан кийин программа боюнча өзгөчө номур — өнөрүңдү көрсөтүү керек болчу. Ал үчүн жасалма 11 600 АКШ долларын даярдап, көрүүчүлөргө чачтым. Алар чын акча деп ойлошконбу, айтор жаштар жасалма акчаларды талашып калышты (күлүп)», - деди Ислам Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×