Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 29.10.2019 17:17 На русском

Сүрөт — Турдакун Усубалиевдин темир тулпарын 43 жыл сактаган Ж.Абдылдаев унааны кимге тапшырды?

Turmush -  Кочкор районунда Турдакун Усубалиевдин унаасы Бакай Өмүралиев аттуу жаш жигитке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга унааны 43 жыл сактаган Жуманасыр Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, унаа ушул күнгө чейин анын гаражында токтоп турган.

«Турдакун Усубалиев айыл чарбага көп көңүл бурган жөнөкөй инсан эле. Ал учур 1970-1972-жылдары болсо керек. Райондогу айыл чарба багытындагы курулуштарды көргөнү келген. Бизде Кочкор райондук колхоз аралык курулуш мекемеси бар болчу. Ал жакка келип, эмне көйгөй бар деп сураптыр. Ошондо мекеменин жетекчиси "кызматтык унаа жок, курулуштарды өз убагында текшере албайбыз" деп көйгөйдү айтканда, Турдакун агай "мен минип жүргөн унаамды берип жиберем" деп убада кылыптыр. Эртеси эле ушул унааны районго бердиртиптир. Алгач "Газ-69" унаанын номуру "Гараж управления делами ПСК Киргизии", техпаспорту №0001 ВИА деген номур менен келген эле. Ал кезде “Газ-69” үлгүсүндөгү унаа абдан барктуу болчу. 1983-жылга чейин башкармада колдонулду.

Кызматтык унаа менден мурунку Кочкор райондук колхоз аралык курулуш мекемесинин жетекчиси Жамакеев Жумакадыр Жамакеевичке 1972-жылы берилиптир. Ал 1978-жылы жумуштан кетип, анын ордуна мен келдим. Жакшы иштегеним үчүн бул унааны мага беришкен.

Бир жолу чоң советтин жыйынына барып, ошол жердеги кызматкерлерден "эмне үчүн Турдакун Усубалиевич ушундай унаа минчү эле?"деп сурадым. Анда алар "чарбаларды кыдырып, жер-жерлерге чыкканда жумшак деп ушуну минчү эле" дешти. Унаа абдан жакшы, ыңгайлуу. Кошумча жабдуулары да бар болчу», - деди ал.

Анын айтымында, 1982-жылы райондук борбордук оорукананын хирургия бөлүмүнүн имаратын курдуртуп жаткан учурда Т.Усубалиев «Волга» минип келген.

«Ошол кезде №31 "Волга" унаасы чыккан. Мага партиядан телефон чалып, "Турдакун Усубалиевич келет экен, курулуш жүрүп жаткан жерде болуп туруңуз" дешти. Күтүп турсам, Усубалиев жөнөкөй эле №24 "Волганы" минип келди. Курулуш жүрүп жаткан жайды аябай текшерди. Кетеринде "башка курулуштарга барасызбы?" деди. Мен "жок ушул жерде калам" десем, атайын унаадан түшүп, мээлейин чечип, мени менен коштошуп, анан кетти.

Өзүмдүн №24 "Волгам" бар болчу. Ошондуктан аталган унаа такыр айдалган жок. Аны "Жигулиге" алмашайын десем, ыраматылык атам "Турдакун Усубалиев оңой киши эмес, эч нерсеге алмаштырба" деп койгон. Ошондон бери 43 жыл өттү. "Саткыла" деп көп кишилер келди. Бирок саткан жокмун. Бакай Өмүралиев деген жигит менин күйөө балам менен жолдош экен. Жакшы жигит деп уктум. Нарын районундагы мекемелердин бирине унаа берип, колдоо көрсөтүп жатыптыр. Турдакун Усубалиевдей элге кызмат кылсын деп, атайын ушул жигитке ыроолодум. Өзүм көп жыл облуста, райондо курулуш мекемелерин жетектеп иштегем. Азыр райондук социалдык коргоо башкармалыгында эмгектенем», - деп кошумчалады ал.

Жуманасыр Абдылдаев 1973-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Андан соң Бүткүл союздук автофром долбоорлоо институтунда инженер болуп иштеген. 1974-жылы Кочкор райондук колхоз аралык курулуш мекемесинде мастер, 1977-жылы өндүрүштүк техникалык бөлүмдүн башчысы, 1978-жылы башкарманын милдетин убактылуу аткаруучу, 1979-жылы башкарма болуп иштеген. 1979-жылдан 1986-жылга чейин курулуш мекемесинин жетекчиси, 1988-жылы райондук курулуш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары, 1990-жылы Ысык-Көл өндүрүштүк транспорттук бирикмесинин башкы директорунун орун басары, 1991-жылы Кочкор райондук коммуналдык ишканалар бирикмесинин жетекчиси, 2000-жылы райондук эмгек жана миграция бөлүмүндө башкы адис, жетектөөчү адис болуп иштеген. Учурда райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгында башкы адис болуп иштеп келет.

Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уул жана 8 небереси бар.

Ал эми унааны алган Бакай Өмүралиев учурда аны оңдоп жатат.

«Мага да көп адамдар телефон чалып, сат деп жатышат. Мен андайга каршы болуп жатам. Азыр унааны оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатам. Бул унаа чоң талаш менен келди. Унааны өзүнө келтирип, жаңы жылга чейин айдап чыксамбы деп турам», - деди Өмүралиев.

Маалымдама:

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер 1961-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-секретары кызматын аркалаган.

Турдакун Усубалиев 3 ирет «Ленин» ордени, «Эмгек Кызыл-Туу», «Октябрь революциясы», 1-даражадагы «Манас» ордендери, Россия Федерациясынын «Достук» ордени менен сыйланган. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын «Ак шумкар» өзгөчө белгисине таттыктуу болгон.

Ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, алдыңкы өнөр-жайлуу өлкөгө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө өз салымын кошкон. Кыргызстанды жана борбор калаа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарын социалдык-экономкалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. Ал өлкөбүздү жетектеген 1960-1970-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Ошол мезгилде 150дөн ашык ири өнөр жай имараттары, 511 миңден ашык көп батирлүү үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген. Ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат да жасалган.

Токтогул жана башка ГЭСтер, лампа, цемент заводдору курулган. 1970-1980-жылдары республикада 7 эт комбинаты иштеп, жылына 25 миң тонна жогорку сапаттагы эт даярдалган. Ал учурда койдун башы 12 миллионго жетип, өндүрүлгөн 40 миң тонна меринос жүнү союздук башка республикаларга жөнөтүлүп турган. Булардан тышкары азыркы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын имараты, өкмөт үйү, борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×