Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 29.10.2019 16:50 На русском

Таластагы унаа кырсыктан 25 жаштагы айдоочу мерт кетти

рейд, ночь, авария
рейд, ночь, авария

Turmush -  Кечээ, 28-октябрда Талас районунун Козучак айылындагы унаа кырсыктан 25 жаштагы айдоочу мерт кетти. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 02:40 чамасында болгон. К.Н. аттуу жигит «Ауди 80» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатканда башкарууну жоготуп, жол четиндеги бордюрду сүзгөн. Айдоочу жигит каза болуп, ичиндеги жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×