Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусуАлай району 29.10.2019 16:31 На русском

Алайда жөө адамды өлтүрө сүзгөн айдоочу изин жашырууга аракет кылган

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө унаасы менен 35 жаштагы адамды сүзүп кеткен айдоочу изин жашырууга аракет кылган. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

27-октябрь күнү кечки саат 21:00 чамасында Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Курманжан датка көчөсүндө белгисиз айдоочу өзүнүн унаасы менен Алай районунун 1984-жылы туулган тургуну Ж. уулу К. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен. Ал эми жөө жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон.

Алай РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде кылмышка шектүү катары Алай районунун 1974-жылы туулган тургуну Н.М. өзүнүн «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасы менен кармалган.

Учурда аталган кырсык боюнча Алай РИИБ тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочунун унаасы айып короого токтотулду. Тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×