Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 29.10.2019 15:54

Жолдошу жаңы унаа алууга даярдап койгон долларларды жубайы карызга берип, кайра ала албай калган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Талас райондук сотунда Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 167-беренеси (Сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын аткарбоо) менен айыпталган Мыктыбектин (аты өзгөртүлдү, У.М.А.) иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Мыктыбек Кара-Буура районунун 1960-жылы туулган тургуну. Үй-бүлөлүү, пенсионер. Мурда соттолгон эмес. Ал Талас райондук сотунун 2007-жылдын 20-августундагы чечими боюнча 1951-жылы туулган Керезге (аты өзгөртүлдү, Д.К.Р.) 123 миң 50 сом жана мамлекеттин пайдасына 12 миң 305 сом айып пул төлөп бермек. Бирок айыпталуучу аталган сумманы төлөбөй, чет өлкөгө кетип калган.

Сот отурумунда Мыктыбек күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал 2006-жылы Керезден 1 миң доллар, андан кийин дагы 30 миң сом карызга алганын, бирок үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кайра кайтарып бере албай калганын билдирди. Айыпталуучу Талас райондук сотунун чечими чыкканын билбегенин, карызды төлөп бербей турганын кошумчалады. Мыктыбектин айтымында, Керез аны өзү жашаган үйдөн кууп чыккан. Ошондуктан ал көп жылдардан бери кызынын үйүндө жашап келген.

Жабырлануучу Керез 2006-жылы Мыктыбекке тил каттын негизинде 15 пайыз үстөк менен 1 миң доллар карызга акча бергенин айтты. Бир ай өткөндөн кийин Мыктыбек дагы акча сурап келген. Ошондо Керез жолдошунун макулдугу менен карызга 15 пайыз үстөк менен дагы 30 миң сом акча берген (оозеки келишимдин негизинде). Мыктыбек күрөө катары Талас районунун Көк-Ой айылындагы үйүн койгон. Керездин айтымында, кийин Мыктыбек Казакстандын Жамбыл облусуна качып кетип, Кыргызстанга 2017-жылы гана келген. Айыпталуучу ага ушул убакка чейин карызын төлөп берген эмес.

Сот отурумунда күбө катары суралган Керездин жолдошу Айткулу (аты өзгөртүлдү, А.А.Т.) 2006-жылы унаасын сатып, акчаны жаңы үлгүдөгү жеңил унаа алуу үчүн жубайына бергенин билдирди. Бирок жубайы андан уруксат сурабастан Мыктыбекке 1 миң долларды 15 пайыз үстөк менен берип салган. Кийин Мыктыбек Казакстанга качып кеткенде жубайлар 2007-жылы Талас райондук сотуна кайрылышкан. Айткулунун айтымында, Мыктыбек Казакстандан келгенден кийин күрөөгө коюлган үйүн өз ыктыяры менен бошотуп берген.

Сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Мыктыбекке 40 миң сом өлчөмүндө айып пул салууну сураган.

Жыйынтыгында сот Мыктыбектин пенсионер экенин эске алып, Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 167-беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, эсептик көрсөткүчтөгү 300 (30 миң сом) өлчөмүндө айыпка жыкты. Ошондой эле Талас райондук сотунун 2007-жылдагы чечимин күчүндө калтырды.

Өкүмгө нааразы тараптар чечим чыккандан кийин 30 сутканын ичинде Талас облустук сотуна даттанууга укуктуу.

Соттун өкүмү 22-октябрда чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×