Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 29.10.2019 11:29

Таластагы чек арадан окторду алып кетип бара жаткан чет өлкөлүк адам кармалды

Turmush -  Кечээ, 28-октябрда Кара-Буура районундагы «Чоң-Капка» чек ара тозотунда ок-дары алып кетип бара жаткан чет өлкөлүк адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар Казакстандын 1968-жылы туулган жараны Т.А. айдап жүргөн «Ауди 100» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Анын ичинен 12-калибрдеги 10 даана ок табылды. Кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×