Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.10.2019 21:00

Кара-балталык дзюдочу эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

Аятулло Алтынбеков
Аятулло Алтынбеков

Turmush -  Кара-Балта шаарынын спортчусу эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

19-21-октябрь күндөрү Кант шаарында спорттун дзюдо түрү боюнча кадеттер арасында экинчи эл аралык турнир өткөн. Мелдешке 2005-2011-жылдары туулган спортчулар катышкан. Анда жалпысынан 320 кыргызстандык жана чет өлкөлүк дзюдочулар күч сынашкан.

Чүй облусунун Жайыл районунан аталган турнирге 7 спортчу катышты. Алардын ичинен 46 кг салмак категориясында Аятулло Алтынбеков 1-орунга ээ болду. А.Алтынбековду Козубай Шеркозуев машыктырат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын дипломдору жана медалдары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×