Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Нарын облусуНарын району 24.10.2019 21:00

«Эгиздер»: Келечектеги миллионер Бактияр менен куруучу Даниярдын кыялы

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын бул жолку каармандары — Нарын районуна караштуу Кеңеш айылынын тургундары Данияр Эдилбеков менен Бактияр Эдилбеков.

Эгиздер 8 жашта. Алар Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебинде 2-класста окушат. Учурда таенесинин колунда.

Данияр: «Бактияр жакшы бала. Тапшырмасын мыкты аткарат, бирок китепти жакшы окуй албайт. Орус тилин жакшы билебиз. Анткени мурда Бишкек шаарында окучубуз. Бактияр экөөбүз ойноп жатып, бир маалда чабышып кетебиз. Эмне себептен экенин билбейм. Мени бирөө сабап жатса, ал чуркап келип жардам берет.

Бишкек шаарында Каныкей деген сүйгөнүм бар. Анткени анын үйү менен менин үйүм жакын. Чоңойгондо ошол кызды алам. Ал жакшы окуйт, анан сулуу. Чоңойгондо миллионер болгум келет. Ал үчүн жакшы окуп, сулуу жазыш керек», - деди.

Бактияр: «Данияр шар окуйт, жакшы жазат, тапшырмасын аткарып, күндөлүгүн толтурат. Түгөйүмдү жакшы көрөм. Ал мен тапшырма аткарып жатканда жардам берет. Экөөбүз урушпайбыз. Данияр бир жакка кеткенде сагынам. Мурда Бишкекте болчубуз. Азыр айылда таенебиз менен чогубуз, анан айылдын мектебинде окуп жатабыз. Бизге айыл жакты, анткени Бишкектин мектеби эшикке чыгарбай, ойнотпойт.

Келечекте куруучу болгум келет. Анткени бирөөлөрдүн үйү бузулуп калса, кайра куруп берем. Ушул ойду ойлонууга апам жардам берген. Даниярды бирөө сабап жатса чуркап барам. Бирөө ойнотпой койсо ойнотом. Сумкасын көтөрүшөм. Экөөбүз парктарга чогуу барабыз.

Биз таенебизди жакшы көрөбүз. Анткени ал биздин сабагыбызга жардам берет. Бизди жакшы көрөт», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×