Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.10.2019 08:15

Ак-Талаанын бийлиги 103 жаштагы Зулайка ападан кабар алышты

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын 103 жаштагы тургуну Зулайка Шайдылдаевадан район акими Сейтек Кулубаев кабар алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 23-октябда аталган айылга иш сапар менен барган район акими Сейтек Кулубаев 103 жаштагы З.Шайдылдаеванын үйүнө баш багып, ден соолугун сурап, учурашып чыккан.

«Апам абдан эле тың болчу. Акыркы 2 айдан бери абалы начарлап кетти. Көпкө сүйлөй албайт. Кээде бизди дагы тааныбай калат. Тамактанганы дурус. Жубайым карап, жуунтуп, багып жатат. Буга чейин апам эшикке чыгып, эшиктин алдына ары-бери басып калчу.

Турак жайыбыз турган жер шорлуу, өтө топурактуу жер болгондуктан бир аз жаан-чачын болсо эле баткак болуп чыгат. Ошондуктан асфальт-бетон заводунан иштетилген шагыл сурадык эле, бирок бериле элек», - деди уулу Райымбек.

Бул боюнча район жетекчиси райондук ишканага кайрылып, ишемби же жекшемби күндөрү шагыл берүүнү тапшырды. Ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×