Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 23.10.2019 16:22 Жаңыланды: 09.11.2019 08:56

Сүрөт — Карылыкка моюн сунбаган таксист Муса Самудинов

Turmush -  82 жаштагы Муса Самудинов Чолпон-Ата шаарындагы таксисттердин эң улуусу.

Өзүнүн айтымында, ал Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жашайт. Союз мезгилинде эс алуу жайларында экономист болуп эмгектенген. Андан кийин Чолпон-Ата шаарында жүргүнчүлөрдү ташып иштөөгө өткөн.

«30 жылга жакын убакыттан бери ушул ишти аркалап келе жатам. Жубайым 21 жыл мурун каза болгон. Учурда уул-келиним, неберелерим менен жашайм. 1990-жылкы "Жигули" унаам менен таң эртеден кечке чейин жүргүнчүлөрдү ташыйм. 82 жашта болсом дагы ден соолугум жакшы. "Жигулиден" башка унааларды айдай албайм.

Мен азыр акча табуу максатында эмес, өзүмдү сергек сезүү үчүн иштеп жатам», - дейт Муса Самудинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×