Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 23.10.2019 09:31 На русском

Жылдыздардын фанаттарын «уурдап алган» ат-башылык Нарынбековдун келбети

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында 1992-жылы 21-декабрь күнү жарык дүйнөгө келген Кайрат Нарынбековду тургундар казакстандык шоумен, актёр, вайнер, Сека аттуу ысым менен таанымал Сергазы Токтарбекке окшоштуруп, көчөдөн кол тамга да сурашат. Ал учурда Бишкек шаарынын тургуну. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Өзүнүн айтымында, элдер ага Сека деп кайрылышат.

«Балалыгым кичи мекеним болгон Ат-Башы айылында өттү. Касыке Мамбеталиев атындагы №1 орто мектебинен билим алдым. 2011-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы автожол техникумуна бардым. Окуумду 2014-жылы бүтүп, Түркияга барып, 1 жыл эмгектенип келгем.

Акыркы 2 жылдан бери мени биринчи жолу көргөндөр кыймыл-аракетимди, күлгөнүмдү, үнүмдөн бери Казакстандын белгилүү актёру, вайнер Сергазы Токтарбекке окшоштуруп жатышат. Адамдар менен таанышканда алар атымды эстеп кала албай, Сека деп айтышууда. Ошону менен бирге биздин актёр, вайнер Эмилбек Эсеналиевге дагы окшоштурушат. Бирок өзүмдү эч кимге окшоштурбайм», - деди ал.

Нарынбеков келбети менен кызыктуу окуяларга туш болуп келет.

«Жакында эле бир окуяга кабылдым. Күйүүчү май куюучу жайга май алмаштырууга бардым. Ал жакта эмгектенген байкелер мени карап, "тиги жигит ютубдагы күлдүргөн бала, сүрөткө түшөлү" деп жаныма басып келишти. Мен күлүп эле "ал эмесмин, бардыгы окшоштурат" деп айткам. Мындай учурлар көп эле кездешет. Көчөдөн Секанын фанаттары келип, менден автограф сурап, сүрөткө түшүп алайын дегендер көп болот. Бирок аларга Сека эмес экенимди айтып, акырын өз жолума түшүп кетем. Бирок вайнердин күйөрмандарынын кээ бири терс кабыл алып, "жөн эле сүрөткө түшкүсү келбей басып кетти" дешет. Кээ бир учурда мени менен сүйлөшүп жатып, ал актёр эмес экенимди байкап калгандар "Сека эмес турбайсыңбы?" деп колун шилтеп басып кетишет.

Бир жолу кечинде кепка кийип, унаада бара жаткам. Бир жүргүнчү мени Эмилбек Эсеналиевге окшоштуруп, сүрөткө түшүүнү суранды. Ага "ал эмесмин" десем, тамашалап жаткандай көрүп, мага ишенбей капа болуп калды (күлүп).

Өзүм негизи тамашакөй жигитмин. Бирок бир дагы жолу актёр менен ырчылардын күйөрмандарын тамашага салып, алар менен сүрөткө түшүп, кол тамга берген эмесмин. Оюма дагы келген эмес. Түркияда иштеп жүргөндө арык чырай жигит элем. Ошол кезде Россиянын белгилүү ырчысы Дима Биланга окшоштуруп келишкен. Ушинтип окшоштуруудан улам белгилүү актёр болууну кыялданып кетчүмүн. Бирок азыркы тапта казакстандык шоуменге окшоштуруу мага көнүмүш адат болуп, унчукпастан өз ишимди жасай берем», - деди ал.

Кайрат Нарынбеков 3 бир туугандын ортончусу, үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×