Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Талас облусуТалас району 23.10.2019 12:42

«Апа, министрлерди киргизбейсизби:» Таластагы мектепке барган «министрлердин» жоругу (сүрөт)

город Талас
город Талас

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 45 жаштагы тургуну, мугалим Жылдыз Кененсариева сабагына «министрлер» келип, аны күлкүгө салышкан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Анарбек экөө 7 баланын ата-энеси.

«24 жыл мурун айылдаш жигитке турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Менден 1 жашка улуу. Кайын атам жана кайын энемдер кудалашып, ата-энелердин макулдашуусу менен баш кошконбуз. Азыр 7 баланын ата-энеси болдук. Жолдошум бир туугандарынын кичүүсү болуп, кайын ата жана кайын энемдер менен чогуу жашадык. Жаңы келин болуп келгенде үйдө көп жээндерибиз жүрүп калышчу. Ушулардын баары меники болсо деп балдардын көбүн самай берчүмүн. Тилегимди кудай берди. Улуу кызым жолумду жолдоп, мугалим болуп иштеп калды. Өзүм китепканачы кесибине ээ болгом. Турмушка чыккандан кийин Талас мамлекеттик университетинен башталгыч класстардын мугалими кесибин алдым. 1996-жылдан бери айылдагы мектепте окуучуларга, үйдөгү балдарыма дагы мугалим болуп келем (күлүп).

Өзүмдүн мүнөзүм тынч, сабырдуумун. Балдарды эч убакта уруп тарбиялабайм, катуу кыйкырбайм. Ар биринин мүнөзү ар кандай. Ошого жараша мамиле кылабыз. Бир тууган акем калем кармап ыр жазып, журналист болгон. Андагы ыр жазуу өнөрү бир кызыма жана бир уулума өттү көрүнөт. Алар дагы ыр жазышат. 41 жашымда кичүү баламды төрөп, «Баатыр эне» сыйлыгын алдым. Кайын энемдин тартиби күч, бетке айткан киши болчу. «Тууган-туушкандын баары айыл ичинде жашайбыз, жоолугуңарды чечпегиле» деп койчу.

Мен 10 бир туугандын тогузунчусумун. Көп балалуу бүлөдө чоңойгон жакшы экенин билем. Өзүмчүл болбой, көпчүлүккө жардам бергенди дагы билесиң. Жолдошум Анарбек дагы балдарды жакшы көрөт. Катарынан кыз төрөлө берип, эркек бала күтүп жүрдү. Төртүнчү кызым төрөлгөндө төрөтканага барбай койгон. Ордуна кайын энем чыгарып кеткен. Азыр ошол төртүнчү кызыбызды аябай жакшы көрөт (күлүп). Кыздарымдын кичүүлөрү атасына окшош. Көптөр «түрк кыздары каяктан келип калган?» деп тамаша кылышат.

Балдарым мага окшош. Балдарым бакытым деп сүйүнөм. Балдарымдын окуялары да көп. Улуу балам эмгектеп жүргөн кези болчу. Анда эски тамда жашачубуз. Кийин балдарыбызды тамдуу кылдык. Баягы эмгектеп жүргөн балабыздын үнү чыкпай калды. Издеп калдык. Башка бөлмөдө жерде жүк кулап жатканын көргөнбүз. Бирок ага көңүл бурбай бардык жакты издеп кеттик. Бир убакта кызым «апа, үнү кулап жаткан жүк жактан чыгып жатат» деди. Көрсө жүк кулап, басып калыптыр. Жүк чоң эмес болчу, кудай сактаган. Чоңойгончо тынчы жок болду. Эмеректерге, үйдөгү бийик текчелерге оңой эле чыгып кетчү.

Мектепте иштеп жүргөм. Улуу балам окуп калган болчу. Ал мага келип, «апа, министрлер келишиптир. Алар сиздин сабагыңызда отуруп туралы дешиптир» деп кетип калды. Эч кимден министрлер келет деп уккан жок элем деп, окуучуларымды түгөлдөп класска кирип кеттим. Мен башка мугалимдерге министрлерди айтсам, алар дүрбөп калышты. Анан эле өзүмдүн кичинекей балдарым келип калышыптыр. «Апа, биз сиз менен отуруп туралычы, үйдө эч ким жок» дешет. Мен болсо «азыр болбойт, үйгө жөнөгүлө» деп жатсам, ары жактан улуу балам келип, «апа, министрлерди киргизбейсизби» деп күлдүргөн. Алардын министр болобуз деген кыялдарын ошондо билгем. Балдарым мектепте жакшы окушат. Ошентип үйдө «министрлерди» тарбиялап келем (күлүп)», - деди ал.

Жылдыз айымдын уул-кыздары:

- Анарбек кызы Ырыскан 1996-жылы төрөлгөн;

- Каймазарова Назима 1997-жылы төрөлгөн;

- Каймазарова Уулболсун 2001-жылы төрөлгөн;

- Каймазарова Бурма 2002-жылы төрөлгөн;

- Каймазаров Уланбек 2006-жылы төрөлгөн;

- Каймазаров Сулайман 2008-жылы төрөлгөн;

- Каймазаров Даниел 2015-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

09.09.2019«40 кыз болсо дагы баары меники»: Тарбиячы Чолпон айымдын кыздары жана энелик бакыты. Сүрөт
24.08.2019«Өзүм дагы жалгыз баламын, эркек төрөсөң экен»: 40 жаштагы Замира айым 7 кыздын апасы. Сүрөт
11.06.2019«Ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи»: Трактористтин 44 жаштагы жубайы Зулфия айым 9 кыз, 2 уулдун апасы. Сүрөт
20.05.20199 бала, 1 бөлмө үй, туугандардын балдарын да багуу: А.Камбарбекова коомдук унаага түшкөндө балдарын көргөндөр таң калышат. Сүрөт
20.06.2019Эркек төрөптүр деп таарынган кыз: 8 баланын апасы А.Эркалиева жолдошу экөөлөп үй куруп жатат. Сүрөт
28.06.2019«Эми кыз төрөсөңүз албайм дагы, бакпайм дагы»: 7 кыздын апасы К.Алымбаева сегизинчи наристесин күтүп жатат. Сүрөт
13.09.2019«Ушунча балага кантип чыдайсың?»: Забида айым балдарынын туулган жылдарын унутуп калат (сүрөт)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×