Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.10.2019 16:17

Тагдыр: Сан сөөгү чирип, баспай калган Э.Аскаровго 1 млн сомго операция жасалды

Turmush -  Сол бутунун сан сөөгү чирип, баса албай калган Кара-Көл шаарынын 40 жаштагы тургуну Элнур Аскаровго операция жасалды. Бул тууралуу анын карындашы Аиза Аскарова билдирди.

Анын айтымында, агасынын оорусу эки жыл мурун башталган.

«Эки жыл мурун апам оорудан улам каза болду. Ошондон кийин агам бир бутунан аксап, арыктап кетти. Былтыр Базар-Коргон районундагы элдик дарыгерге бардык. Ал бизди Жалал-Абад шаарына жөнөттү. Ал жактан томографияга түшүрүп көргөндөн кийин, дарыгерлер тез арада Бишкек шаарындагы ооруканага баруу керектигин айтышты. Борбордогу дарыгерлер рентгенге түшүрүп, операция жасатуу керектигин билдиришти. Биз шартыбызга карап, кайра Кара-Көл шаарына келдик», - дейт А.Аскарова.

Ал мэрге жардам сурап кайрылганын айтат.

«Айлам кетип, мэр И.Еркеевге кайрылып: "Апам 45 жыл билим берүү тармагында эмгектенди. Биз 3 бир тууганбыз. Агам эч жерде иштебейт, үй-бүлөсү жок. Апам менен жашачу. Апам каза болгондон кийин мен карап жатам. Мен дагы 4 баламды жалгыз багам" деп жардам сурадым. Ал дароо эле дары-дармек үчүн өзүнүн чөнтөгүнөн каражат берди. Ошондой эле ортопед Сабырбек Жумабеков менен сүйлөшүп, кезекке жаздырды», - дейт А.Аскарова.

Ал агасынын оорусу күчөп, буту баспай калганын билдирди.

«Ал аралыкта агамдын сол бутунун сан сөөгү чирип, буттары ичкерип, баспай калды. Айлам кетип, кайра мэрге бардым. Ал дарылануу үчүн жергиликтүү бюджеттен 80 миң сом бөлдүртүп берди. Элден дагы жардам сурадым. Тез арада операция жасоо керек болгондуктан Раимбек Матраимовдун фондуна кайрылдым. Алар угары менен жардам беришти. Бишкекке келип, №4 шаардык ооруканадан ортопед Сабырбек Жумабеков операция жасады. Ал ийгиликтүү аяктады. Дарыгерлер операцияга кете турган чыгымдарды эсептебегенде протез 3 миң доллар боло турганын айтышкан. Бардык чыгымдарды Раимбек Матраимовдордун үй-бүлөсү каржылады.

Азыр агамдын абалы жакшы, эки буту теңелип калды. Эми дарыгерлер жамбаш сөөгүн операциясыз дарылай турганын айтышты. Операция 16-октябрда болду. Эми биз Кара-Көлдөгү ооруканага которулуп келдик. Бул иштерге дагы мэр И.Еркеев көмөктөштү. Шаардык оорукананын башкы дарыгери, анын орун басары жакшы көзөмөлдөп жатышат.

Мен Раимбек Матраимовдордун үй-бүлөсүнө, шаар мэри Ильяз Еркеевге жана дарыгер Сабырбек Жумабековго ыраазычылык билдирем», - деди А.Аскарова.

Ал эми Б.Рысбеков атындагы Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору, дарыгер Абдулбакы Ырысбековдун айтымында, учурда Элнур Аскаровдун абалы жакшы.

«Бейтаптын сол бутунун сан сөөгүнүн башы чирип кеткен экен. Сан сөөктүн башы жамбаш сөөккө туташкан жеринен чириген. Ошону алмаштырып, протез коюлган. Ал чирибейт, дат баспайт. 21-октябрда оорукананын хирургия бөлүмүнө которулуп келди. Абалы жакшы. Мындан ары биздин көзөмөлдө болот», - деди дарыгер.

Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеевдин айтуусунда, Р.Матраимовдун үй-бүлөсү Элнур Аскаровдун операциясына 1 миллион сомдой каражат сарптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×