Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 22.10.2019 12:10 На русском

Кара-Суудагы «кандуу жол» жана окшош окуялар: Дагы бир адам каза болду

Turmush -  Кара-Суу районунда 43 жаштагы жөө жүргүнчүнү унаа коюп каза болду. Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, 20-октябрда кечки саат 21:30 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 6-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында белгисиз айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү — аталган айылдын 1976-жылы туулган тургуну А.М.ны коюп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу изин жашырып качып кеткен.

Аны кармоо максатында райондун кире бериштеринде «Курчоо» операциясы башталып, Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын, Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

21-октябрь күнү Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну Б.у.М. кармалып, «Хонда Цивик» унаасы айып короого токтотулду.

Жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.

-----------------------------------------------------------------

Кара-Суу районунда унаа коюп кеткен 32 жаштагы келин ооруканада өзүнө келбей каза болду. Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, 19-октябрда кечки саат 21:30 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 1-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Медресе айылында белгисиз айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчү — Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Я.Р.ны (аял киши) коюп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Аны кармоо максатында райондун кире бериштеринде «Курчоо» операциясы жарыяланып, Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын, Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

20-октябрда Кара-Кулжа районунун 1974-жылы туулган тургуну Б.С. кармалып, «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулду.

Жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.
-----------------------------------------------------------------

Кара-Суу районунда 64 жаштагы кишини унаасы менен коюп, андан соң качып кеткен айдоочу кармалды. Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыктады.

Маалым болгондой, 19-октябрь күнү кечки саат 20:00 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 51-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Талдык айылында белгисиз айдоочу автоунаасы менен аталган айылдын тургуну — 1955-жылы туулган М.З.ны коюп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Качып кеткен айдоочуну кармоо максатында райондун кире бериштеринде чектөө киргизилип, Ош облусу боюнча ЖКККБнын, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Чоң-Алай районунун 1992-жылы туулган тургуну Т.П. кармалып, «Дэу Матиз» автоунаасы айып короого токтотулган.

Бул жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×