Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ош облусу, Ош 22.10.2019 09:19

Ош шаарында 2 бала бакча курулуп жатат

Turmush -  Ош шаарында 2 бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бала бакчалар шаардын Курманжан датка жана Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыктарында курулуп жатат. Ушул айдын ичинде Жапалак айылында үчүнчү бала бакчанын курулушу башталат.

«Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен Амир-Темир аймагында 100 орундуу, Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу бала бакча курулуп жатат. Бала бакчалардын бардык шарты эске алынган. Быйыл пайдаланууга беребиз. Жакында үчүнчү бакчанын курулушун Жапалак айылында баштайбыз. Ак-Тилек кичи районуна да бала бакча куруу планыбыз бар.

Мындан тышкары мурда бала бакча болгон 4 имаратты кайтарып алып жатабыз. Ал имараттарды да толугу менен оңдоодон өткөрүп, кайрадан бала бакчага айлантабыз», - деди шаар мэри Т.Сарыбашов.

Ош шаарында мамлекеттик 41 бала бакча иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×