Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.10.2019 18:08

Кара-Сууда 64 жаштагы кишини унаа өлтүрө сүздү. Видео

Turmush -  Кара-Суу районунда 64 жаштагы кишини унаасы менен коюп, андан соң качып кеткен айдоочу кармалды. Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыктады.

Маалым болгондой, 19-октябрь күнү кечки саат 20:00 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 51-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Талдык айылында белгисиз айдоочу автоунаасы менен аталган айылдын тургуну — 1955-жылы туулган М.З.ны коюп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Качып кеткен айдоочуну кармоо максатында райондун кире бериштеринде чектөө киргизилип, Ош облусу боюнча ЖКККБнын, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Чоң-Алай районунун 1992-жылы туулган тургуну Т.П. кармалып, «Дэу Матиз» автоунаасы айып короого токтотулган.

Бул жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайылып, айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×