Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2019 20:00

Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат

город Ош
город Ош
// Turmush

Turmush -  Эртең, 22-октябрда түнкү саат 23:00дөн баштап 23-октябрда саат 23:00гө чейин «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын таза суу, саркынды суу тармактарында жана бекеттеринде күзгү профилактикалык оңдоо иштери жүрөт. Буга байланыштуу шаардын Курманжан датка (Юго-Восток), Манас-Ата (ХБК), Туран, Достук кичи райондорунан жана Калинин массивинен башка аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Аталган ишкана тургундарга алдын ала таза суу камдап, аталган күндөргө даярдык көрүүнү эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×