Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2019 16:53 На русском

Ошто «Мерседес» менен бейбаштык кылган айдоочуга 7500 сом айып салынды. Видео

Turmush -  Кечээ, 20-октябрда саат 16:30 чамасында Ош шаарынын борбордук аянтында унаасын чимирилтип айдап, бейбаштык кылган айдоочуга 7500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз айдоочу мэриянын имаратынын алдында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен бейбаштык кылып, белгисиз тарапка кетип калган. Аталган унаага издөө жарыяланган. Алгач айдоочу Ош шаарынын тургуну экендиги аныкталды. Унаа бүгүн, 21-октябрь күнү кармалып, айдоочуга 7500 сом айып пул салынып, унаасы айып короого киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×