Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 21.10.2019 16:22

Айыл турмушу: Эгиз окуучусунан корккон Ч.Дүйшекеева билим берүүнүн мыктысы болду

Turmush -  Чолпон Дүйшекеева 26 жылдан бери Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде кыргыз тили кыргыз адабият сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Чолпон Дүйшекеева 1972-жылы Нарын районуна караштуу Учкун айылында туулган. Адистиги физика жана математика боюнча мугалим. Кийин кайрадан жогорку билим алып, филолог болууга жетишкен.

«Үлгүлүү жүрүм-турумум жана окуудагы жетишкендиктерим үчүн 10-классты күмүш медаль менен бүткөм. Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык университетинин (азыркы А.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) физика жана математика факультетин аяктагам. Андан кийин өзүмдүн айылымдагы мектепке жумушка орноштум. Биздин мектепте көп күчтүү мугалимдер иштегендиктен жана математиктер абдан көп болгондуктан курстардан өтүп, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан саат алып иштегем. 1993-жылы кайрадан Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине барып, филология факультетин бүттүм.

Буга чейин мектептен 4 класс бүтүрдүм. Бүтүргөн окуучуларымдын алды өздөрүнүн ордун таап, кесиби менен иштеп жатышат. Олимпиадаларга дагы даярдап жүрөм», - деди ал.

Мектептеги эмгегинин үзүрүн көрүп, жакында эле «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

«Жакында эле «Билим берүүнүн мыктысы» деген төш белгисин алдым. Бул мен үчүн сыймык болду, кубандым. 26 жыл эмгектенип, ошол эмгегимдин үзүрүн көрдүм деп ойлойм. Мектеп жетекчилери, кесиптештерим бул сыйлыкка көрсөтүштү. Сыйлыкты алып, чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сездим.

Илгери биз окуп жүргөн убакта мугалим деген сөздү укканда эле денебиз дүркүрөп, башкача сезимдер пайда болчу. Мугалим менен көчөдөн жолуксак дароо качып, тик карай алчу эмеспиз. Азыр мурдагыдай эмес, мугалим деген сөз жөнөкөй эле айтылып калгандай сезилет. Азыр мугалимди өзүбүз көтөрмөлөп турушубуз керек. Анткени заман өзгөрдү. Кызыгуу менен сабак окуган окуучулардын саны азайып жатат», - деди ал.

Анын 2 уулу, 2 кызы жана 1 небереси бар.

«Мен жаңы мугалим болуп келген жылы бир класска кирип калдым. Анда окуучулардын санын текшерчүбүз. Эшикти ачканда шумдуктуудай тентек эгиз балдарды көргөм. Эшикти жаап эле, эжейине «ушул класс мага туш келбесе экен» деп айткам. Ошол класс менин багыма туш келип калып, 11-класска чейин жетектеп бүтүргөм. Азыр алар турмушта өз ордун тапкан, жакшынакай эле жигиттер болуп чоңоюшту.

Азыр мектепте иш кагаздары көп. Класс жетекчилерге көп жоопкерчиликтердин берилиши анын сабакка даярдануусуна тоскоолдук кылат.

Өзүнүн сабагын окуучуларга жеткире билген, ар бир сабагынын максатын кое алган, өзүнүн жүрүм-туруму менен окуучуларга үлгүлүү болгон мугалимди мыкты мугалим деп эсептейм. Бизди күчтүү мугалимдер окуткан, аларды көрүп, ушул эже-агайлардай мугалим болом деген максат койгом. Ошол максатка жеттим. Азыркы убакта деле ошол агай-эжейлерибиз мектепте иштейт. Мен алар менен сыймыктам. Ошолордой болууга мен дагы аракет кылып, окуучуларга өзүмдү көрсөтөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×