Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 21.10.2019 15:21

Кубакыда жеңил унаа жол жээктеги мотору бузулган «КамАЗды» сүздү. Видео

Turmush -  Бишкек— Нарын—Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 18-октябрь күнү Кубакы ашуусундагы Кочкор—Мойнок унаа жолунун 13-чакырымында жол кырсыгы катталды. «БМВ Х5» автоунаасы жол жээгиндеги мотору бузулуп калган жүк ташуучу «КамАз» унаасын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен «БМВ Х5» унаасынын айдоочусу жаракат алып, Кемин райондук аймактык ооруканасына жаткырылган. Унаада айдоочудан башка эч ким болгон эмес.

Учурда бул жол кырсыгы боюнча Кочкор РИИБдин тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Репортёрго күбөлөр ашууда жол кырсыгы катталганы тууралуу билдиришкен эле.

«БМВ Х5» Кочкордон Чүй облусуна бараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×