Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 21.10.2019 15:16 На русском

Ысык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда башкы калыстын кабыргасы сынды. Сүрөт

Turmush -  Түп районунун Көөчү айылында өткөн көк бөрү оюнунда башкы калыстын бир кабыргасы сынганы белгилүү болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эки күн катары менен башкы калыс болуп жаткан КРнын Көк бөрү федерациясынын башкы калысы Аскер Токтосунов финалдын акыркы мүнөттөрүндө улакчылардын так ортосунда калып, аты баса жыгылса, анын үстүнө улакчынын аты жыгылып, эки аттын астында калган.

Ошол жерден оюн токтотулуп, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Айнура Мамбеталиева аны жеңил унаага салдырып, Талды-Суудагы ооруканага жеткирген. Ал жерден тез жардам унаасы Түп райондук ооруканага алып барып, рентгенге тарттырган. Бир кабыргасы сынып, кабыргалары кайышып калган деген жыйынтык чыгарылды.

Бүгүн, 21-октябрда Turmush басылмасынын кабарчысы телефон аркылуу Аскер Токтосунов менен байланышканда, ал бир кабыргасы сынып, ооруну баскан уколдорду сайгандан кийин үч саат жатып, үйүнө барганын билдирген. Азыр дарыгерлер берген дары-дармектер менен дарыланып жатканын, ден соолугу акырындык менен ордуна келип жатканына токтолду.

Аскер Токтосунов 38 жашта. Ал көк бөрү, эр эңиш жана тыйын эңмей боюнча чебер, облустук, республикалык мелдештердин жеңүүчүсү, көк бөрү боюнча Көчмөндөр оюндарында калыстык кылган, КРнын Көк бөрү федерациясынын башкы калысы. 4 баланын атасы. Учурда Михайлов айылдык кеңешинин төрагасы.

Буга чейин Түп районунун Көөчү айылында эки күн бою өткөрүлгөн көк бөрү улуттук оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×