Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 21.10.2019 14:44

Уулунун ичине түшкөн оору менен күрөшкөн кочкорлук Ж.Саадакулованын тилеги

Turmush -  Кочкор районунун Туз айылынын тургундары Догдурбек Токонов менен Жаркын Саадакулова 12 жаштагы уулунун ден соолугу үчүн күрөшүп келет.

Бул үй-бүлөнүн 4 уулу бар. Балдардын улуусу үй-бүлө күтүп, өз алдынча жашап жатат. 12 жаштагы уулу Бексултан төрөлгөндөн тарта балдардын церебралдык шал оорусу менен жабыркайт.

«Бексултанга чейинки 2 балам жакшы төрөлгөн. Бирок экөө тең төрөлгөндөн кийин сарык болуп катуу ооруган. Бексултан да төрөлгөндөн кийин сарык болуп, Бишкектеги ооруканага жатып чыкканбыз. Ошол сарык баланын ичине түшүп кеткен экен. Ошондон улам шал болуп калды. 4-уулумду борбордон төрөдүм. Ал да төрөлгөндөн кийин эки саатта сарык болуп калды. Дарыгерлер баламдан жана менден анализ алып, баланын канын 12 саатта алмаштырганга үлгүрүп калышты. Алар бала менен менин каным туура келбегенин түшүндүрүп беришти», - деди Жаркын Саадакулова.

Анын ар бир күнү баласына тамак берүү, жалаяктарын алмаштыруу менен өтөт. Жолдошу экөө баланы кезек-кезеги менен карашат.

«Экөөбүз тең иштебейбиз, дыйканчылык менен күн көрүп келе жатабыз. Сокурдун тилегени көз дегендей, биздин тилегибиз да уулубуз бир аз кыймылга келип, колу менен кармап, жөрмөлөп алса. Дүйнөдө эң жаманы балаңдын ооруганы экен. Эмне себептен мындай болуп калды деп көп ыйлачумун. Азыр эми балам үчүн аракет кылуудамын. 6 ай сайын борборго ооруканага барып турабыз. Ал жакка барганда балам да тынчып, жыргап калат. Тез-тезден укалоо алсак бутунан туруп кетет эле. Бирок каражат жетишсиз болгондуктан укалоого, борборго алып барууга да мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Райондо биздин диагноз менен ооруган балдар көп. Ошондуктан мамлекет бизге райондун борборуна реабилитациялык борбор ачып берсе жакшы болот эле. Ал жактан балдар өз алдынча болууга жана укалоо алууга чоң мүмкүнчүлүк болмок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×