Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2019 14:01

Ошто «Эмаком» компаниясы алгачкы көп кабаттуу турак үйүн пайдаланууга берди

Turmush -  «Эмаком» курулуш компаниясы Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө курулган 108 батирден турган 10 кабаттуу үйдү пайдаланууга берди. Бул көп кабаттуу турак үй компаниянын пайдаланууга берилген алгачкы үйү болуп саналат.

19-октябрь күнү компаниянын директору Мелисбек Жусупов жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте үйдүн кызыл тасмасын кесип, тургундарга ачкычтарды тапшырды.

«Бүгүнкү ак өргөнүн ээлери ачылыш аземге кош келипсиздер. Биз бул үйдүн курулушун 2017-жылдын аягында калкты үй менен камсыздайлы деген максат менен баштадык эле, кудай буйруп ачылыш аземинде турабыз. Жаңы батириңиздер куттуу болсун.

«Эмаком» курулуш компаниясы «Эмаком холдинг» компаниясынын астында түзүлгөн. «Эмаком холдинг» компаниясы көп тармактуу компания болуп саналат. Компаниянын кыш заводу, бетон заводу бар.

«Эмаком» компаниясы бир гана Ош шаарында үй курбастан, Бишкек шаарында да 6 көп кабаттуу үй куруп жатабыз. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарында куруп жатабыз. Биздин биринчи ак өргөбүздүн ээси сиздер болуп жатасыздар. Ошондуктан дагы бир жолу ак өргөңүздөр куттуу болсун», - деди М.Жусупов.

Аталган көп кабаттуу үйгө жакын жайгашкан көп кабаттуу турак жай дагы бир айдан соң пайдаланууга берилет. Компаниянын жетекчилиги анын курулушун да тездетүүнү пландоодо.

Үйдүн ачылыш аземи концерттик программа менен коштолду.

108 батирден турган 10 кабаттуу турак үй заманбап типте курулуп, лифттер менен камсыздалган. Короосуна балдар ойноочу аянтча курулуп, унаа токтоочу аянтчалары жаңы типте салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×