Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Талас облусу, Талас 21.10.2019 14:55

Айыл турмушу: Жаңыл жеңе келин болуп келген күнүн өзүнүн келиндерине айтып түгөтө албайт (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 51 жаштагы тургуну Карабаева Жаңыл жеңе жамгыр жааган күнү турмушка чыгып, үйгө суу болуп келгенин унута элек. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында өскөн. Кесиби боюнча эсепчи. Учурда АРИСтин долбоорунда иштеп жатат. 51 жаштагы жолдошу Сахидин Бейшекеев кесиби боюнча салыкчы. Учурда компаниялардын биринде иштейт.

«Жолдошум экөөбүздү курбу кызым тааныштарган. Ал курбу кызымдын бир тууган таякеси экен. Ал «таякем менен тааныштырам» деп айтып жүрчү. Экөөбүз 1990-жылы ноябрда таанышып, 1991-жылы апрель айында баш коштук. Бир курбу келин баласынын 1 жашын белгилеп, «Аалам» деген кафеге бардык. Ошол жерден жолдошум менен дос балдары сөздөн улам мелдеше кетип, мени үйүнө алып барган. Мен келин болуп бара жатканда нөшөрлөп жамгыр жаап, туфлимдин сыясы чыгып, үйгө кийимдерим суу болуп кирип баргам. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндөн кийин макулдук менен эле барып отуруп калдым. Бирок үйгө өзүмдүн атам-энеме кат жазып жибергем. Кудалар үйгө барганда ата-энем кол жазмамдан эле таанып, ачуусун басып калышкан экен.

Өзүм Талас шаарында иштегендиктен 2 балалуу болгончо Талас районунун Кара-Ой айылынан Таласка каттап иштеп жүрдүм. 2 балалуу болгончо өмүрүм жалаң жолдо өткөн экен. Ал убакта сары автобус эле каттачу. Ошол автобустан далай кечигип калып, жумуштан кечиккен күндөр көп болду. Бир күнү автобустан кечигип калып, кайын агам мотоцикл менен автобустун артынан кууп жеткени эсимде. Экинчи балабыз 2 жашка чыкканда Талас шаарына көчүп келип жашап калдык.

Келиндериме келин болуп келген күнүмдү айтып берип түгөтө албайм. Баарынан да бут кийимдин сыясы чыгып, суу болгону эсимден кетпейт. Нөшөрлөп жаан жаап жаткан учурда баш коштук. Балким бизге мезгил каршы болгон чыгар. Бирок экөөбүздүн сезимдерибиз каршылыктарга карабай барын жеңип чыктык. Негизи ортодо сүйүү болсо бактылуулук ошол экен. Жолдошум экөөбүз бактылуубуз деп айта алам. Ортобузда 4 бала, 4 неберебиз бар. Балдар-кыздарыбыз жогорку билимдүү, чет мамлекеттен окуусун бүтүп келип, өз жумуштары менен иштеп жатышат», - деди Жаңыл жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×