Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 21.10.2019 13:26 На русском

Жумгалда тургундар жолго төшөлгөн асфальтты сыйрытып салышты. Жол куруучулар эмне дейт?

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн тургундары жолду асфальттап жаткан «Чу Прокси» ЖЧКнын кызматкерлерине муздак асфальт төшөп жатасыңар деп, төшөлгөн асфальтты сыйрытып салышты.

Чаек айылынын Эдилбек аттуу тургунунун айтымында, 2 жума мурда аталган жолдо уйдун буту киргендей тешик пайда болуп, асфальттын калыңдыгы 1-2 см экендиги байкалган. Ал боюнча жергиликтүү комиссия түзүлүп, аталган жерге кароо жүргүзүлүп, узуну 2 метр, туурасы 1 метрдей жер атайын экспертиза үчүн казылган. Ошондой эле эки жолдун нугу кошулган жерди да каздырышкан. Натыйжада төшөлгөн асфальттын калыңдыгы 7-8 см экени аныкталган.

«Бизди мал деп ойлошот. Асфальттын муздак, ысыгын билбей калмак белек. Биздин көзүбүзчө муздак асфальт төшөп, таптап жатышты. Колдорубузду салып көрдүк. Эгер асфальттын ысыктыгы 70-80 градус болсо, биздин колдор күйүп калмак. Буларды эми эмне кылабыз? Курга жолу сапатсыз. Жазда же күздө салышпай, кычап кеч күздө жол салышат. Салынган жол тез эле ашмалтайы чыгып калат. Эл ошондуктан көтөрүлүп жатабыз. Жол асфальттоо үчүн алгач шагыл төгүү керек болчу. Булар топурак төгүп эле коюшту. Көзөмөл жок, айыл өкмөт башчысынын, акимдин баштары оорубайт. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол такыр эле жок. Жолдон чыккан таштандыларды эки жакка таштап салышкан», - деди Эдилбек.

16-октябрда жол куруп жаткан «Чу-Прокси» ЖЧКнын кызматкерлери райондук №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Зарылбек Моңошов, район акими Адыл Сапаров, орун басары Бакыт Женалиев, райондук прокуратура кызматынын өкүлдөрү жана жергиликтүү депутаттар, айыл тургундарына жумуштун жүрүшүн көрсөтүштү. Бирок тургундар төшөлүп жаткан асфальттын ысык эместигин айтып, кайра каздырып салышты. Тургундар Балыкчы шаарынан Жумгалга келип жаткан асфальттын ысыгын (температурасын) өлчөп, андан кийин асфальт төшөгүлө деп талап коюшту. Жол куруучулар асфальттын температурасын өлчөй турган жабдыктары жок экенин айтып, элге көрсөтүп бере алышкан жок. Ортодо жол куруучулар менен тургундардын ортосунда пикир келишпестиктер да чыкты.

Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошов асфальт Балыкчы шаарынан 130 градус менен чыгып, Жумгалга 50-60 градус ысыкта келип төшөлөрүн билдирди.

«Бизде асфальт заводу жок. Жол кургандар асфальтты Кочкор же Балыкчыдан алып келишет. Бул асфальт Балыкчы шаарынан келет. Ал жерден 130 градус ысыкта чыгат, бул жерге келгенде 50-60-70 градус менен төшөлөт. Азыр биз элге көрсөтөлү десек, жабдыкты техникалык көзөмөлдөөчү алып кетиптир. Ал Балыкчыда, бул жактагысы сынып калыптыр. Эртең асфальттын ысыгын ченеп көрсөтүп беребиз», - деди Моңошов.

Ал эми район акими Адыл Сапаров эгер туура эмес асфальтташса, кайра сыйрып салышарын айтты.

Ал эми айылдык кеңештин депутаты Марат Оторбаев уйдун буту киргендей тешилген жолду караңгыда асфальтташканын билдирди.

«Өткөн жумада Э.Матыев көчөсүн асфальттап бүткөн соң тешик пайда болгон. Аны эл көтөрүп чыгышты. Бул жерде элди ызы-чуу кылдырбай, техникалык көзөмөлдөөчү карап, асфальтты төшөп турса болмок», - дейт ал.

17-октябрда «Чу-Прокси» ЖЧКнын жол куруучулары тургундарга жаңы келген асфальттын температурасын көрсөтүштү. Тургундар асфальт 154 градуска чейинки температурада төшөлүп жатканына күбө болушту.

«Чу-Прокси» ЖЧКнын жол көзөмөлдөө боюнча адиси Бообек Эсенгулов асфальт эч качан муздак төшөлбөстүгүн айтты.

«Балыкчы шаарында асфальт заводдо болуп, асфальттын ысыгын текшерип, унааларга жүктөттүрүп жаттым. Заводдун өзүнөн 165-175 градус менен чыгат. Жумгалга келгенде 130-135 градус болуп жатат. Эң төмөн 115 градус болушу керек, андан ылдый болбошу керек. Буга чейин да ушундай эле ысыкта асфальт төшөлдү. Азыр өзүңөр канча градуста төшөлүп жатканын көрөсүздөр. Төшөлгөн асфальттын үстүнөн суу кайнап жатпайбы. Кечээ бизде асфальтты текшерүүчү термометр жок болуп, эл өздөрү ызы-чуу кылып салышты. Ал эми тешиктер техниканын бузулуп калганынан пайда болгон», - деди Эсенгулов.

Жумгал районунун Чаек айылындагы Эсенжан Сапарбеков менен Эркинбек Матыев көчөлөрүндөгү асфальтталбаган 3 чакырым жолго капиталдык салымдардын эсебинен асфальт төшөлүп жатат. Эркинбек Матыев көчөсүнүн 0,3 чакырымы (300 метр) 1,8 млн сомго жасалып баштаса, ал эми Эсенжан Сапарбеков көчөсүнүн 2,7 чакырым жолун асфальттоого 16,2 млн сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×