Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.10.2019 13:07

Сүрөт — Караколдо 12,5 млн сомго оңдолгон көчө ачылды

Turmush -  Каракол шаарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Шапак баатыр көчөсү расмий ачылды, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага мэр А.Каниметов, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары, жолчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Шапак баатыр көчөсү эки тилкелүү болуп, арыктар жана тротуарлары менен жасалды. Жаңы жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери сызылды», - дейт жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Бакыт Барктабасов.

Маалым болгондой, жолдун узундугу 620 метрди түздү. Ага шаардык бюджеттен 12,5 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×