Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.10.2019 12:01 Жаңыланды: 21.10.2019 19:02 На русском

«Эже-сиңдини айылдашы бычактап...»: Жалал-Абаддагы жалгыз подполковник Ч.Кадырованын баяны

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жалал-Абад шаарынын 48 жаштагы тургуну Чынара Кадырова. Ал облустук милицияда эмгектенип жаткан жалгыз подполковник айым. Азыркы тапта облустук ички иштер башкармалыгынын катчылыгында бөлүм башчы болуп иштеп келет. Милициянын подполковниги менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Чынара Кадырова 1971-жылы Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында төрөлгөн. Айылдагы мектепти 1986-жылы аяктаган соң, Фрунзе шаардык политехникумун юрист адистиги боюнча бүтүргөн. Андан соң Кыргыз улуттук университетинде окуусун улантып, көксөгөн адистигине ээ болгон. Бул кесипти тандоо оңой болгон эмес. Анткени ата-энеси, жакындары «Милиция кыз кишинин жумушу эмес» деп айтышкан. Ага карабастан бир тууган агасындай милиция кызматкери болууну самап, бул кесипти тандап алган.

«Бир тууган агам милиция кызматкери болгондуктан кичинекей кезимде эле укук коргоо органдарында иштеген адамдын түйшүгүн билдим. Агамдын тактыгы, жоопкерчиликтүүлүгү, тыкандыгы мага жакчу, ошон үчүн мен өзүмдү 7-классымдан тарта милиция кызматкери болууга даярдай баштадым. Агамдын формаларын кырын чыгарып үтүктөп турчумун. Өзүм да тартипти жакшы көргөндүктөн ички иштер органында иштеген айымдардын катарын толуктагым келди. Башында ата-энем "бул аял кишинин иши эмес, көчөдө көп жүрүшүң керек болот" деген пикирлерин айтышты. Бирок ага карабай кыялымдагы кесипти тандадым. Башында каршы болушканы менен мени колдоп, кубатташып, билим алууга шарт жаратып беришти. Өкүнүчтүүсү, бир тууган агам кайтыш болуп кетти. Ошол учурда мен жаңы гана ушул тармакта иштеп баштагам. Жакындарым "үй-бүлөбүздө кайрадан формачан кызматкер пайда болду" деп кубанышты», - дейт Чынара Кадырова.

Ал эмгек жолун Тогуз-Торо районундагы паспорттук столдо иштөөдөн баштаган. 1993-жылы аттестациялык курамга кирип, милиция кызматкери болуу кыялы ишке ашкан. Ошентип ал жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор болуп иштөө менен жоопкерчиликтүү кадам таштаган.

«Милициянын кичүү лейтенанты болгон учурдагы кубанычымда чек жок эле, абдан сүйүнгөм. 2 жыл инспектор болуп иштеп жүргөндө балдардын тагдыры мени ойго салган көп учур болду. Каттоодо турган бир бала бар эле, анын ата-энеси ушунчалык жакшы адамдар болчу. Бир туугандары деле тартиптүү, бирок ал дайыма уурулук жасачу. Кимдир бирөөнүн дүкөнүндөгү буюмдарды уурдап, башка үй-бүлөнү сызга отургузуп кетчү. Биз өзүбүзгө тиешелүү жумушту аткарып, түнкүсүн ата-энесине тапшырчубуз. Ата-энеси уурдалган материалдык чыгымдарды төлөп берип жүрүштү. Ага карабастан кайра уурулугун улантып, ата-энесин сыздатып жүрдү. Акыры 16 жашында кылмыш жасап, ошону менен камалып кетти.

Иштеп жүргөндө баласы менен иши болбогон, анын баскан-турганын көзөмөлдөбөгөн ата-энелерди көрдүм. Мен ата-энелерди балдарынын ар бир кыймылына маани берүүгө чакырам. Анткени жаш бала жасаган аракети кайсыл учурда кылмыш болуп калаарын аңдабай калышат. Милициянын каттоосуна алынган балдар менен далай жолу сүйлөшүп, түшүндүргөн соң, мурунку аракеттеринен баш тарткандар көп болду. Балдар сырдашып сүйлөшкөндө ойлорун ачык айтып беришчү. Үйдө чыр-чатак көп болгондо бала жылуулукту, мээримди сырттан издеп жүргөн болот. Ошондуктан балдарга аяр мамиле жасоого, алардын ички туюмдарын угууга, алардын көзүнчө урушпоого чакырат элем. Бизде "чоңойгондо түшүнүп алат" деген түшүнүк менен балдарынын көзүнчө уруша беришет. Бул жагдай өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасирин берет», - дейт ал.

Чынара Кадырова 2 жыл өспүрүмдөр менен иштеген инспектор болгон соң, тергөө кызматына өткөн. Бул жаатта дагы түрдүү иштерди тергеген.

«Райондо кылмыш чөйрөсүндө "Боке" деген кайманата аты бар адам башында турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү оор кылмыш жасаганы боюнча ишти тергедим. Резонанстуу кылмыш болгондуктан ОИИБден да тергөө тобу барып, ишти бирге алып бардык. Менин жүрөгүмдү ооруткан окуя райондогу эже-сиңдилердин өлүмү болду. Бир тууган эже-сиңдини түнкүсүн айылдашы (эркек киши) бычактап өлтүрүп кеткен экен. Кийим аркылуу бир туугандарды бычактаган адамды колго түшүргөнбүз. Негизи кылмышка шектүү катары кармалгандар кандай гана кылмыш жасабасын оңой менен моюнга алышпайт. Бардык далилдерди топтоп туруп, күнөөсүн мойнуна коюу керек. Бул иш тактык менен кесипкөйлүктү талап кылат», - дейт ал.

26 жылдан бери бул тармакта иштеп келе жаткан Чынара Кадырова жолдошунун колдоосу чоң экенин айтат.

«23 жашымда турмушка чыгып, 24 жашымда тун уулумду төрөдүм. Биз төрт балалуу болуп, аларды эрезеге жеткирдик, алар үй-бүлөлүү болуп калышты, 5 неберебиз бар. Жашоодо түрдүү оош-кыйыштар болот, баарына чыдоо керек экен. Балдарыбыз чоңойгуча биз деле кыйналдык. Күндүз иштеп, түнкүсүн балдардын кирин жууп, тамак бышырып, болгон жумушту жасап коюп эс алчу элем. Ал эми «тревога» болгондо бешиктеги баланы унаага салып алып, жолдошум мени жумушка таштап коюп, баламды кайра алып кетчү. Жолдошум түшүнгөнү үчүн ушул тармакта иштеп калдым. Аялдын үйдө иштебей отурганын мен деле каалабайм. Ошондуктан келинимдин иштегенине шарт түзүп бердим. Азыр келиним экөөбүз бала бакчадан неберемди алып, жумуштан бир убакта келебиз. Ал тамак жасаса, мен башка жумуштарына жардам берем. Аял үйдө отура берсе чүнчүйт, ошондуктан мүмкүнчүлүгү болгон аялга иштөөгө жол берүү керек», - деди милициянын подполковниги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×