Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 20.10.2019 16:55

Ат-Башынын Казыбек айылында гранттык ири акчага заманбап мал сарай салынып жатат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну Эрмек Бактыгулов өзүнүн эски мал короосун бузуп, типтүү мал сарай куруп жатат. Аймактык кабарчы фермерден кабар алды.

Анын айтымында, типтүү мал сарай айыл элине абдан керек.

«Айыл элинин дээрлик баары мал багат эмеспи. Жылда жаз айында малыбыз жайлоого кетип, кайра күздө айылга түшөт. Жайлоодон семирип келген малыбыз кышында эле арыктап калат. Анткени жаткан жери суук. Кышында чөп жок болсо да күндүз талаага чыгарып жиберебиз. Ошентип семирип келген малыбыз жазында арык болуп, төлү начар чыгат. Бодо мал күзүндө жайлоодон болжол менен 300 кг менен келсе, ээн жерге бакканда 80 кг арыктайт экен. Ал дагы ирденгиче кайра күз келет. Ошентип отуруп малдын асылдуулугун да начар кылып, эттин көлөмүн чыгара албай, өзүбүз чыгымга эле учурайбыз. Жөнөкөй мал сарайга баксак 10 уйга 500 түк чөп берилсе, типтүү сарайда 10 уйга 300 түк чөп кетет. Дагы пайдасы — ичи таза, малга да жылуу болот», - деди ал.

Фермер типтүү мал сарайды атайын долбоор менен куруп баштаган. Учурда 23 баш бодо малы бар.

«Буга чейин бул типтүү сарай жөнүндө маалымат аз болчу. Ушул жылы атайын долбоор боюнча маалымат беришкен. Бул сынактык негиздеги долбоор болгондуктан кызыкдар тараптардын өздөрүнүн 10дон кем эмес бодо малы, жери, үйү болушу керек деген шарттар коюлду. Ал боюнча атам жана дагы 5 айылдашыбыз кайрылуу жазган. Ошонун негизинде май айында комиссия келип, сарайдын архитектураларын да беришкен. Бул сарай эң негизгиси айылдын ортосуна курулушу керек экен. Анткени айыл эли дагы көрүп, ушундай типтүү мал сарайды айылга жайылтуу зарыл болду. Эми элдин баары ушундай типтүү мал сарай салып, малдын өндүрүмдүүлүгү көбөйсө, экспортко жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Ушул жылдын 20-июлунда 5 тонна цемент, шифер, жыгач, таш жана башка керектүү материалдарын алып келип беришти. Жалпы 10 бодо малга ылайыктуу сарайга 300 миң сомго жакын акча кетти. 158 миң сомун фонд гранттык негизде каржыласа, жарымын өзүбүз чыгардык. Ар бир малга шарт түзүлөт. Айыл чарбага кызыккандардын бардыгы келип, көрүп жатышат. 50гө чукул киши келип, бодо малды кантип байлаш керек, кантип асыл тукумду көбөйтүш керек, ички мите курттар, сырткы мите курттар менен күрөшүүнүн жолдорун, тоютту кандай бериш керек, витаминдерди кандай сайыш керектигин сурап жатышат. Бул ЕАЭБдин талабына ылайык малды семиртип, эт багытына өтүү жолдорун үйрөтөт. Курулуп жаткан короого 10 уй батат», - деди Бактыгулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×