Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.10.2019 09:02

«КG групп» курулуш компаниясы Сузакта бийиктиги 45 метр желек орнотту (сүрөт)

Turmush -  «КG групп» курулуш компаниясы Сузак районунун кире беришинде бийиктиги 45 метр болгон желек орнотту.

Компаниянын маалыматына караганда, желек атайын Ош–Бишкек жолундагы айлампага курулуп, анын түбүнө белгилүү 4 инсандын сүрөтү түшүрүлүп, алардын учкул сөздөрү жазылды. Мындай типтеги желек компаниянын эсебинен төртүнчү ирет курулуп жатат. Буга чейин желек 2016-жылы Балыкчы шаарынын кире беришине орнотулган болсо, 2017-жылы Ош шаарынын кире беришине, 2018-жылы кыргыз-казак чек арасындагы «Кордай» бекетине орнотулган.

«Компания жетекчиси Имамидин Ташовдун Кыргызстандагы 7 облуска желек орнотуу ниети бар. Желек кыргыздын духун көтөрүү максатында орнотулат», - деп айтылат маалыматта.

Компаниянын жетекчиси Имамидин Ташов кыргыз элинин духу бийик болушу үчүн желектерди бийикке орнотуп жатышкандыгын айтты.

«Кыргыз Республикасынын желеги – калкыбыздын намысы. Тарыхта желекке ыйык мамиле кылып, аны жерге таштаган эмес. Биз кыргыз элинин духу бийик болуп жүрүшү үчүн дагы желектерди бийикке орнотуп жатабыз. Кыргыз илгертеден айкөл, жоомарт эл болгон. Ата-бабаларыбыздан калган бейпилдикти, эркиндикти чагылдырып туруучу желегибиз ар дайым бийиктерде желбиресин. Мына ушундай максатта да бийик желектерди куруп жатабыз», - деди Ташов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×