Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 19.10.2019 11:04 На русском

Жайыл районунда туристтер өлгөн сүлөөсүн таап алышты (сүрөт)

Turmush -  Жайыл районунда туристтер өлгөн сүлөөсүн таап алышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Михаил Жаворонкин билдирди.

Анын айтымында, жырткыч жаныбар эмнеден өлгөнү белгисиз.

«Биз суудан өтүп бара жатканбыз. Дарактардын жанынан өлүп жаткан жаныбарды көрүп калдык. Жакын барып, ал сүлөөсүн экенин тактадык. Жаныбар мурда эле өлсө керек. Балким унаа уруп кеткен. Анткени ал жерге жакын аймактан Бишкек — Ош жолу өтөт. Бүлүндүргүчтөр (браконьерлер) атышы да мүмкүн», - деди ал.

Эколог жана егерь Александрдын айтымында, сүлөөсүндөр токойдо эле эмес, ачык аянттарда да аңчылык кылышат. Акыркы жылдары алардын саны бир топ көбөйгөнү байкалууда.

Кыргызстанда сүлөөсүндөр Кызыл китепке киргизилген. Аны мыйзамсыз аткандарга 50 миң сом айып салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×