Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.10.2019 18:08

Баткенде эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш өттү

Turmush -  16-октябрда Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында Айыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жаштарды спортко, достукка чакыруу максатында жаш өспүрүмдөр арасында эр таймаш боюнча «ВFС 4» турнири өттү. Бул тууралуу BFC (Багындыруу эр таймаш күрөшү) федерациясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Бекболот Гламов билдирди.

Анын айтымында, турнирге 12 жаштан 18 жашка чейинки 60тан ашык спортчу катышып, 20 кг баштап 60 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Таймашка Баткен облусунун, Өзбекстан, Тажикстан мамлекетинен спортчулары келди. Ага катар эле спортчу 10 кыз беттеш өткөрдү. Чоңдор арасында 57 кг, 61 кг, 71 кг салмактагы спортчулар мелдешип, 57 кг салмактагы таймашта чемпиондук кур коюлду.

Жыйынтыгында 57 кг салмактагы спортчу Нурмамат Асатов курдун ээси болду. Жеңишке жетишкен башка спорчуларга диплом, медаль, баалуу белектер тапшырылды.

Буга чейин мелдеш жыл сайын Баткен облусунун Айдаркен шаарында өткөрүлүп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×