Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 18.10.2019 16:25

Грузиядагы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан ак-талаалык балбанды жердештери салтанаттуу түрдө тосуп алышты

Turmush -  Кечээ, 17-октябрда Ак-Талаа районунда ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган Билимбек Капарбек уулун салтанаттуу тосуп алышты. Бул туурасында акимчиликтин адиси Жайдарбек Сыдыков билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдеш Грузияда өткөн. Билимбек балбан Тайлак баатыр балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору болуп эмгектенет. Аны акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, спорт комитетинин, спорт мектебинин кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери тосуп алды.

Андан соң Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында аким Сейтек Кулубаев куттуктоосун жолдоп, чапан, калпак кийгизип, 10 миң сомдун сертификатын тапшырды. Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков да кементай калпак кийгизип, 100 миң сомдун сертификатын берди.

Дүйнөлүк чемпионаттан күмүш медаль менен кайткан нарындык балбан ата менен кызына сыйлык тапшырылды (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×