Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.10.2019 08:12

Ысык-Көлгө Армениядан делегаттар келди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна Армениядан 11 адамдан турган делегация келди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, алар жайыттарды пайдалануу боюнча тажрыйба алмашууда.

«Арменияда азыр био ар түрдүүлүктү сактоо боюнча чоң долбоор ишке кирүүдө. Жайыттарды пайдалануу, коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер атайын бир платформага бириктирилип жатат. Ошондуктан мүчөлөрдүн тажрыйбасын жогорулатуу үчүн Кыргызстанга келдик», - дешти делегациянын өкүлдөрү.

Алар Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылындагы жайыт комитетинин, Ак-Суу районундагы токой чарбанын иши менен таанышып, био ар түрдүүлүктү сактоо боюнча тажрыйба алмашты. Мындан тышкары алар Түп райондук жайыт комитетинин ишине күбө болушту.

Иш-чаранын алкагында делегаттар Ак-Суу районундагы «Манасчылар» сейил багына карагай отургузушту. Сейил бак 2014-жылы уюштурулган, ал жерде районго келген чет өлкөлүк меймандар тиккен бактар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×