Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 14.10.2019 16:48 Жаңыланды: 14.11.2019 22:48

Айыл турмушу: Эчки багуунун эбин тапкан С.Кулназарова (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл аймагынын тургуну Суксур Кулназарова эки жылдан бери сүт багытындагы эчкилерди багып, алардын санын көбөйтүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, сүт багытындагы эчкилер бир жылда эки жолу төл берет.

«Биз эки жылдан бери сүт багытындагы заанен породасындагы эчкилерди багып жатабыз. Бул эчкилердин сүтү бизге жакты. Неберелериме күндө эртең менен кайнатып берем. Сүтү жеңил, сиңимдүү, таза болуп, иммунитетти көтөрөт экен. Балдардын кыймыл-аракетине жакшы таасир берип жатканын байкадым.

Бир баш эчки 3 литрге чейин сүт берет. Учурда эчкинин санын көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Бир жылда 2 жолу төлдөп, 5 улак алдым, аларды багууда кыйынчылык деле жок. Жергиликтүү эчкилерден айырмаланып, алар жоош келип, адамга жакын болот экен. Биз жайы-кышы сүт ичип калдык», - деди С.Кулназарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×