Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусу, Кант 17.10.2019 15:17

Поезд менен кагышкан унаа. Күбөлөрдүн сөзү

Turmush -  Ушул жылдын 15-октябрь күнү Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы темир жолдо поезд менен жеӊил унаа кагышканын күбөлөр билдирген.

Окуяны Чүй ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктап, кырсык 15-октябрь күнү саат 15:30 чамасында Новопокровка—Сары-Жон унаа жолунун 1-чакырымында болгон. 1979-жылы туулган айдоочу «Киа Панда» үлгүсүндөгү автоунаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, батыштан чыгышты карай бараткан поезд менен кагышкан. Анын кесепетинен айдоочу жана эки жүргүнчү Кант шаардык аймактык ооруканага кайрылып, үйлөрүнө кетишкен.

«Алар Кара-Жыгач айылынын тургундары болушат. Поезд келгиче жетишип өтүп кетебиз деп ойлошкон», - деди күбөлөр.

Кант шаардык аймактык ооруканадан билдиришкендей, аталган кырсыктан улам кайрылган бейтаптар амбулатордук көзөмөлдөн өтүп, үйлөрүнө кетишкен.

«Бизге 15-октябрь күнү саат 17:10 чамасында 1979-жылы, 1992-жылы жана 2014-жылы төрөлгөн адамдар кайрылышты. Алар амбулатордук текшерүүдөн өтүп кетишкен», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×