Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 17.10.2019 14:20 На русском

Нарын шаарында электриктердин кесиптик майрамы жаңжал менен аяктады

Turmush -  Нарын шаардык соту Асан (аты өзгөртүлдү, А.К.А.) менен Азаматтын (аты өзгөртүлдү, Д.у.А) ишин карап чыкты.

Асан 1994-жылы Нарын шаарында туулган, бойдок, мурда сот жообуна тартылган эмес. Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционери.

Азамат 1984-жылы Нарын шаарында туулган, үй-бүлөлүү, мурда сот жообуна тартылган эмес. Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционери.

Асан менен Азамат 2018-жылы 21-декабрда милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын командиринин Нарын шаарындагы коомдук жерлердеги тартипти сактоо боюнча буйругунун негизинде өздөрүнө тиешелүү аймакка чыгышкан. Саат 23:00 чамасында Нарын шаарынын Ленин жана Ат-Башы көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар кагышкан жол кырсык болгонун угуп, окуя болгон жерге барышкан.

Тергөөчүлөргө маалым болгондой, «Чыгыш электр» ААКтын Нарын облусу боюнча ишканасынын кызматкери жол кырсыкка кабылган. Бул жерге аталган милиционерлерден тышкары аталган кызматкердин кесиптештери барышкан. Ошол күнү алар кесиптик майрамын ресторандардын биринде белгилеп келе жаткан. Асан менен Азамат алардын арасындагы мас абалдагы А.А.ны «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү кызматтык унаага салып жөнөшкөн. Ошол маалда А.А. аларга каршылык көрсөткөндө Асан мурунга чаап жиберди деп, жабырлануучуну унаанын арткы орунунда экөөлөп ур-токмокко алышкан. Андан кийин Нарын ШИИБдин имаратына жеткирип, анын курткасы менен бут кийимин чечип алышып, сотко чейинки өндүрүш ишинде аныкталбаган милиция кызматкерлери менен биргеликте сабашкан.

Жабырлануучу А.А.нын ден соолугуна жеңил жаракат келтирилген. Ошондой эле ал адамгерчиликсиз, кадыр-баркын басмырлаган мамилеге дуушар болду.

Сотто Асан экспертизанын корутундусунун негизинде күнөөсүн мойнуна алып, А.А. аны бет тушка чаап жибергендиктен жабырлануучу унаага салышканын айтты. Бирок ур-токмокко албаганын, унаанын ичинен жулунуп жатып унаага урунганын билдирди. Ошондой эле ал А.А. окуя болгонго чейин эле бирөөлөр менен мушташып же ооруканага окуя болгон күндөн эки күн өткөндөн кийин барганын, ошол эки күндүн ичинде башка адамдардан таяк жеши мүмкүн деген божомолду айтты. Асан бүгүнкү күндө А.А. менен өз ара элдешкенин, карамагындагы ата-энеси пенсионер экенин, ал эми окуя болгон күнү А.А. мас абалда болгонун айтты. Ага карата материал толтурулуп, Нарын ШИИБге өткөрүп беришкенин, нөөмөттө өз кызматын так аткарганын кошумчалап, сотто күбөлөр сабабаганын тастыктап беришкендиктен актоо өкүмүн чыгарып берүүнү сурады.

Азамат экспертизанын корутундусунун негизинде жана А.А.нын колун кайрып унаага салгандыгы үчүн күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Ал сотто Асан экөө А.А.га карата кол көтөрүшпөгөнүн, болгону унаага колун кайрып салышканын, ата-энеси пенсионер экенин, 3 жашка толо элек балдары бар экенин айтып, актоо өкүмүн чыгарып берүүнү сурады.

А.А. 2018-жылы 21-декабрда кечинде Нарын электр тармактар ишканасынын жалпы жамааты менен кафеден келе жатышкан. Нарын шаарынын Ат-Башы менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде кесиптеши жол кырсыкка учурап калганын, ал жакка ЖКККБ, милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери жана ыкчам топ барып, ортодон түшүнбөстүктөр жаралып, ротанын кызматкерлери менен уруша кетишкенин билдирди. Андан соң Асан мурунга чапты деп, аны унаага салышканын, унаанын арткы орунунда Азамат менен Асан ур-токмокко алышканын, ШИИБдин имаратына жеткенде башка милиция кызматкерлери сабашканын билдирди.

Жыйынтыгында сот тарабынан Асан менен Азамат Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 321-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратылды. Бирок Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде аларга карата пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жаза өтөөдөн бошотулушту. Пробациялык көзөмөл өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 1 жылдык мөөнөткө белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×