Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 17.10.2019 10:30 Жаңыланды: 17.10.2019 12:23 На русском

Ысык-көлдүк жубайлардын алмаз тою: Марат ата байбичесине гүл берип, сүйүүсүн арнады

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылынын тургундары — 60 жыл бирге түтүн булаткан жубайлар Марат Борбуков менен Дарика Курманова алмаз тоюн белгилешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Муну менен катар Талды-Суу айылдык ардагерлер кеңешинин төрагасы Марат Борбуков 80 жашка толгонуна байланыштуу «Түп районунун ардактуу атуулу» наамына ээ болду. Ошондой эле Түп райондук ардагерлер кеңеши ага Кыргызстандын ардагерлер кеңешинин «Ардагер» төш белгисин такты. Марат Борбуков бул сыйлыкка жөндөн жөн эле татый койгон жок. Анын басып өткөн жолуна кыскача токтоло кетели.

Талды-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу», «Эмгектин ардагери», «Эмгектин каарманы», «Лениндин 100 жылдык» медалдарынын ээси Марат Борбуков 1940-жылы Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. Атасы Борбуков Канымет 1921-жылы туулган. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Советтик армиянын капитаны наамында отставкага чыккан. 1970-жылдан баштап пенсияга чыкканга чейин журналистика тармагында эмгектенип, райондук жана облустук гезиттерде редактор жана башка жооптуу кызматтарда иштеди. СССР журналисттер союзунун мүчөсү да болгон.

Марат Борбуковду төрөгөн энеси Бүкөш Темирбаева Тоӊдун Туура-Суу айылында туулган. Көп жыл соода тармагында эмгектенген. Экинчи энеси Хадия Орозбакиева жогорку билимдүү, медайым болуп иштеген. Каракол шаарындагы медициналык окуу жайынын мүдүрү болуп, медицина кадрларын даярдоодо көп эмгек сиӊирген.

Марат Борбуков 1947-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепте билим алып баштаган. 1957-жылы М.Элебаев атындагы орто мектепти эӊ жакшы деген баа менен аяктаган. Турмуш жолуна байланыштуу окууну уланта албай, колхоздо айдоочу болуп эмгек жолун баштаган. 1959-жылдан 1965-жылга чейин айдоочу, 1965-жылдан 1970-жылга чейин бригадирдин жардамчысы, бригадир болуп иштеди. 1970-1980-жылдар аралыгында агроном-гидротехник, эмгек боюнча экономист, колхоздун башкармасынын орун басары болуп эмгектенген. 1965-1980-жылдар аралыгында М.Борбуков эл депутаттарынын Талды-Суу айылдык кеӊешине депутат болуп шайланган.

1970-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынып, 1973-1975-жылдары Орджоникидзе атындагы колхоздун парткомунун катчысы катары эмгектенген. 1980-жылы Айыл чарба институтун инженер-агроном адистиги боюнча аяктап, Талды-Суу совхозунда агроном болуп эмгек жолун баштаган. 1980-жылы Кыргызстан Компартиясынын Түп райкомунун сунушу менен Марат Борбуков «Живпром» чарбасынын партиялык уюмуна катчы болуп отчёттук кайра шайлоо жыйналышында шайланып, 1987-жылга чейин иштеди. 1987-жылы июль айында Эл депутаттарынын Талды-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы болуп шайланып, 1991-жылга чейин эмгектенген. 1991-1992-жылдары Түп райондук селхоз химия бирикмесинде башкы агроном, 1992-1996-жылдары Талды-Суу ассоциациясында башкы агроном болуп иштеген. 1996-жылы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн төрагасы катары пенсияга чыкканга чейин иштеген.

Марат Борбуков 1959-жылы Курманова Дарика менен баш кошуп, 60 жылдан бери бирге жашап жатышат. Алар 7 балалуу болушкан. Алардын экөө жогорку билимдүү, төртөө атайын орто билимдүү адистер.

Кызы Эркингүл Борбукова 60 жашта, 4 балалуу, 3 неберелүү болгон. Уулу Эмилбек Борбуков 58 жашта, 4 бала, 4 неберелүү болгон. Уулу Салават Борбуков 56 жашта, 3 бала, 2 неберелүү болгон. Уулу Ынтымак Борбуков 54 жашта, 3 бала, 1 неберелүү болгон. Кызы Маргарита Борбукова 51 жашта, 3 балалуу болгон. Уулу Рысбек Борбуков 49 жашта, 2 балалуу болгон. Кызы Кымбат Борбукова 36 жашта, 3 балалуу болгон.

Уул-келиндери, кыз-күйөө, неберелери Марат Борбуковдун 80 жылдыгын жана энеси — 79 жаштагы Дарика Курманова менен бирге 60 жыл жашаганын салтанаттуу белгилешти. Бул тойго катышып отургандардын көзүнчө 80 жаштагы Марат ата байбичеси Дарика энеге өзү айткандай чогуу бирге 60 жыл жашагандан бери биринчи жолу гүл тапшырып, сүйүүсүн арнады.

«Биз 7 балалуу, 22 неберелүү, 10 чөбөрөлүү болуп, кыбыра күтүп, 60 жыл бирге жашаганыбыздын ичинде бир да жолу гүл сунбаптырмын. Тойго келишкен теңтуш, достордун, чогуу иштешкендердин, жердештердин жана куда-сөөктөрдүн берген батасы тийсе, экөөбүздүн бирге жашаганыбыздын 80 жылдыгын белгилейли деп тилек кылдык. Байбичеме 60 жыл бирге жашагандан кийин жаштык дем пайда болсун деп гүл тапшырдым. Чынында эле тойдун аурасынан кийин жашоого болгон көз караштын таасириби, айтор гүл берип, айдай жүзүнөн өбүүгө туура келди», - деди Марат ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×