Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 16.10.2019 17:44

Кыргыз милициясына 95 жыл: Нарын ОИИБди башкарган жетекчилер

Turmush -  1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, 1-ноябрдан тартып облустук милиция бөлүмү өз ишмердүүлүгүн баштаган. Быйыл жер-жерлерде кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси белгиленүү алдында турат. Аймактык кабарчы кыргыз милициясынын Нарындагы жетекчилери тууралуу маалыматтарды топтоду.

Нарын милициясы 1920-жылы ноябрь айында түзүлүп, Нарын облустук ички иштер башкармалыгын 16 жетекчи башкарды. Ал эми Улан Аалиев аталган башкармалыктын он жетинчи жетекчиси болуп 2017-жылдын декабрь айынан бери иштеп келет.

Улан Аалиев 1974-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында төрөлгөн. Ал эмгек жолун 1997-жылы Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчүлүктөн баштап, 2003-жылы Жайыл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, ошол эле жылдын декабрь айында РИИБдин жетекчиси болуп иштеген. Ал жерде 4 жыл 7 ай кызмат кылып, жалпы 5 жыл 3 ай Жайыл районунда эмгектенген. Андан кийин ИИМдин Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгында бөлүм башчы, Кемин РИИБдин жетекчисинин орун басары болуп 3 жыл иштеген.

2011-жылы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Чүй облусу боюнча жетекчиси, 2013-жылы ИИМде бөлүм жетекчи, 2014-жылы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, 2016-жылы Чүй ОИИБдин жетекчисинин оперативдүү иштер боюнча орун басары болсо, 2017-жылдын 1-декабрь айынан баштап Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×