Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусуНарын району 16.10.2019 11:39

25 сом талашкан жумушчулар же кесиптешин өтүк менен желкеге чаап өлтүргөн киши

Turmush -  Убагында милиция кызматкери болуп эмгектенип, пенсияга чыккан Шарабидин Шеримбеков быйыл 86 жашта. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Шарабидин Шеримбеков 1933-жылы Куланак айылында туулган. Ал ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйүндө чоңойгон. Кийин Алматадагы милиция училищасында 3 жыл окуп, эмгек жолун Ош облустук ички иштер бөлүмүндө айдоочулуктан баштаган. Андан кийин МАИ кызматкери (мурунку аталышы) болуп 5 жыл, 15 жылдай опер кызматкер болуп иштеди. Ортодон ооруп калып, пенсияга чыккан.

Ардагер ата китепти көп окуйт. Үйдөн кошуналары менен шахмат ойноп турат.

«Мен 4 жашка чыкканда энем, 9 жашка чыкканда атам каза болду. Атам кайтыш болгондо согуш басылып, ар бир райондо жетим балдар үйү ачылган. Мен Кум-Белдеги балдар үйүндө жүрдүм. Кийин Куланак айылындагы балдар үйүнө барып, ошол жакта чоңойдум. 5 бир тууган экенбиз. Үчөөбүз калып, бирөө согуш убагында каза болуптур. Балдар үйүнөн чыккандан кийин Кум-Белде иштеп, андан кийин 1954-жылы аскерге кеттим. Ал жактан келгенден кийин Ош облусундагы милицияда айдоочу болуп эмгектендим», - деди ал.

Иштеп жүрүп бөйрөктүн кургак учугуна чалдыккан.

«Мен сүйлөшүп жүргөн кыз педагогикалык окуу жайын бүткөн. Ал кезде окуу жайды бүткөндө милдеттүү түрдө башка облуска барып иштеши керек эле. Экөөбүз үйлөнүп, чогуу Ош облусунда иштедик. Кайра Нарын шаарына келдик. 1965-1970-жылдары облустук МАИде иштедим. Кийин 15 жылдай опер кызматкер болуп эмгектендим. Иштеп жүрүп бөйрөктөрүм ооруп, 7 ай ооруканада жаттым. 1980-жылы оорума байланыштуу милициядан пенсияга кеттим. Андан кийин да ооруп калдым. Азыр 2-топтогу майыпмын. Ооруп жүрүп өз алдынча дарыландым. Бээнин сүтү, кымызы жакшы дары болуп берет экен. Кайнагам жайлоодо мал бакчу. Мен ага жардам берип, кымыз, сүтүн ичип жүрдүм. 2 жылдай ичтим, азыр мактангандай болбоюн, бөйрөгүм кайда экенин билбейм», - деди ал.

Учурда анын 3 кыз, 3 уулу жана 15 небере, 5 чөбөрөсү бар.

«Мен иштеп жүргөн кезде 5 МАИ кызматы бар болчу. Анда унаа деле чакан эле. Ар бирибизге жолду бөлүп берчү. Мен Долон жакты карачумун. Ишенесиңерби, ал кезде «мынча берсең куткарам» деген жок болчу. Биринчиден, мыйзамдан коркчубуз, экинчиден эреже башкача болчу. Айдоочулук күбөлүктө талон болчу. Бир кварталда 3 жолу тешилип калса, айдоочулар кайра сынак беришчү. Эреже бузса талонун тешип же 3 сом айып пул салчубуз. Азыркыдай эмес болчу. Мен балдар үйүндө чоңойгондуктан боорум ооруп, кээ бирин кое берчүмүн», - деди ал.

Шарабидин ата башынан өткөргөн окуяларды кагаз бетине түшүрүп, китеп кылып чыгарууну көздөөдө.

«Нарын районунда кылмыш-кырсык бөлүмүндө иштечүмүн. Куланак айылында ашкана бар болчу. Ошол жерди оңдойбуз деп алыстан 5 киши келиптир. Иштеп жаткан учурда жумушчулар акча талаша кетип, бири экинчисин өтүгү менен желкеге чаап жиберген экен. Анын кесепетинен желкеси жарылып, ооруканага жатып калыптыр. Жетекчиге айтсам, “күнөөлүү адам кетсин” деди. Баары кетип, токмок жеген бала ооруканада калды. Ал бир айдан кийин каза болду. Анан тиги кишини издеп жөнөдүм. Аны көп өтпөй алып келдик. Талашканы 25 сом экен.

Адам баласы жашоого көңүлү тойбойт, ыраазы дагы болбойт. Мен ата-энемден эрте калдым деп айтпадымбы. Ал кезде өкмөт бир дагы баланы таштабай, жакшы карашчу. Нан 15 тыйын, ширеңке 1 тыйын, туз 8 тыйын болчу. Бешиктеги балдарга бекер сүт жеткиришчү. Азыр андай жок да. Заман өзгөрүлүп, алмашат экен. Бул заман деле оңолгонсуп келе жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×